Айымдар денедеги ашыкча түктөрдөн кантип арылса болот?
Эпиляция, депиляция, шугаринг – акыркы жылдары бул сөздөр айымдардын жашоосунда күн сайын кездешип калды. Терминдер атайын процедуранын жардамы менен “денедеги ашыкча түктөрдөн арылуу” дегенди түшүндүрөрүн көпчүлүк билет. Мырзалар күн алыс сакал-мурутун алып убара болушса, айымдар денедеги ашыкча түктөрүнөн биротоло арылуунун жолун издешет. Айымдарды тынчсыздандырган процедура туурасында косметолог Асел Жолдошева айтып берет.
Эпиляция кандайча жасалат?
-- Бейтаптардын денесиндеги жагымсыз түктөрдөн арылтуу үчүн косметологдор эпиляция, депиляция жана шугаринг процедураларын колдонобуз. Учурда кеңири тараган түрү – эпиляция болуп эсептелет. Эпиляция – түктөр аппараттын жардамы менен түбүнөн бери алынып, анын өсүүсүн токтотууга багытталат. Лазердик эпиляция Кыргызстанда акыркы жети-сегиз жылдан бери колдонулат. Бул ыкманы эки-үч жыл катары менен жасатып, ашыкча түктөрдөн өмүр бою кутулууга мүмкүн. Процедура жасалып жатканда бейтап эч кандай ооруну сезбейт, бирок, техниканы туура эмес колдонууда терини күйгүзүп алуу коркунучу жаралат. Кош бойлуу жана бала эмизгендерге сунушталбайт. Баасы миң сомдон беш миң сомго чейин.
Шугаринг деген эмне, аны кимдер жасатат?
-- Шугаринг – бул кумшекерден жасалган паста. Аны дененин баардык бөлүгүнө жасаганга болот. Лазердик эпиляциядан айырмаланып, шугарингден кийин түктөр бир-эки аптада өсүп баштайт. Процедура теринин жука же калыңдыгына жараша оорушу мүмкүн. Шугарингдин териге же организмге зыяны жок. Муну кош бойлуу аялдар да жасаганга болот. Жакшы жагы – бул өтө ыңгайлуу, тез жана арзан. Аны үй шартында ар бир адам өзү аткара алат. Ал үчүн атайын кумшекер пастасын сатып алып, бир аз жылытып (5 секунд), түктөрдүн өсүү багытына каршы сүйкөп, дароо ылдый көздөй сыйрып салабыз. Процедура алгачкы ирет жасалганда тери ачышып, кызарып оорушу ыктымал. Мындай пастанын баасы жүз сомдон миң сомго чейин.
"Азия Ньюс" гезити