Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » COVID-19дун экинчи толкунунан жүрөк менен өпкөнү кантип сактайбыз?

COVID-19дун экинчи толкунунан жүрөк менен өпкөнү кантип сактайбыз?

09-сентябрь, 12:16
716 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Уйкуну кандыр, анализ тапшыр. Учурда COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө күтүлүп жатат. Айрымдар аны “мурдагыдан жеңил болот” десе, башкалар, тескерисинче, жүрөк үшүн алган божомолдорду берип жаткан кез.

Албетте, бизге COVID-19дун экинчи толкуну болбогону жакшы. Бирок, “сактыкта кордук жок дегендей, организмди ар кандай жагдайларга даярдап койгонубуз оң. Экинчи толкун алдында ден соолукка кантип кам көрүп, эмнеге даяр болуу керектигин билүү үчүн “Sputnik-Кыргызстандын” кабарчысы вирус менен күрөшүүгө түздөн-түз тийешеси бар дарыгерлер менен сүйлөштү.

Өпкөнү кантип даярдайбыз?

Белгилүү болгондой, коронавирус – өпкөнүн душманы. Бул органды сактоо үчүн өзгөчө чылым, насвай чеккендерге терс адаттарын таштоосу керектигин саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев эскертүүдө.

Чылым, насвай, ичимдик... Булар өпкөнү алсырата турган нерселер. Мындай өпкөгө вирус жабышса, илдет оор жана өтө оор формада өтөрү талашсыз. Экинчи толкун учурунда кыйналып калбайын десеңиз, булардан качыңыз деди Сооронбаев.

Ошондой эле адис эл арасында коронавирустан коргонуу же аны дарылоо боюнча туура эмес түшүнүктөр көп экенине токтолду.

Эшектин эти, кашкулактын, иттин майы өпкөнү вирустан сактайт деп ойлогондор жаңылышат. Андан көрө ооруп калуу коркунучунда тургандар жыл сайын жасалчу гриппке каршы вакцинаны алышы керек. Эмнеге экинчи толкунду күз-кышка божомолдоп жатабыз? Бул учурда курч респиратордук вирустар күчөп, азыр арабыздан кетпей жүргөн коронавирус алар менен кошул-ташыл болот. Коркунуч мына ошондо. Ошол себептүү, жок дегенде биринен вакцина алып, сактанып коюу керек деди дарыгер.

Башкы пульмонологдун айтымында, вирустун Кыргызстанга келгенине анча көп убакыт өтө элек болгондуктан, ооруп айыккандарда азырынча иммунитет бар. Бирок ошого карабай, баардык адамдар бирдей санитардык эрежелерди сакташы зарыл.

Жүрөк оорулуулар кантет?

Буга чейин саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акбай Сарыбаев Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын 40 пайыздан ашыгы жүрөк кан тамыр оорулары барлар экенин эскертип, алар үй-бүлөлүк дарыгеринен кеңеш алып жана кан басымын көзөмөлдөп турууну сунуштайт.

Негизи кан басымында көйгөйү бар же жүрөгү ооругандар дарыгерлер жазып берген дары-дармектерди токтотпой, ден соолугун бир калыпта кармоого аракет кылуусу керек. Мисалы, кан басымы 110-70тен төмөн болбогону жакшы. Анткени ооруп калса, адам тердеп жатып организмде суюктук азаят дагы, кан басым ого бетер түшүп кетиши ыктымал” дейт кардиолог.

Кайсы анализдерди тапшыруу керек?

COVID күч алып турган кезде калкка интернет аркылуу жардам көрсөткөн "Онлайн дарыгерлер" Telegram каналы аркылуу консультация берген терапевт, №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Айнура Таалайканова адам өз организминин абалын билүү үчүн жок дегенде жалпы анализдерди тапшырып койгону жакшы экенин айтат.

“Ар бир адам өзү үчүн деле кан, заара жана заң анализдерин тапшырып койгону туура. Бул организмде маанилүү заттардын абалы боюнча билип алууга жардам берет. Ал эми өнөкөт оорулары барлар үй-бүлөлүк дарыгерлерге айына бир ирет көрүнүп койгону жакшы” деди Таалайканова.

Мындан тышкары, адис коронавирустун экинчи толкуну сыяктуу илдеттерден коргонуу, жуктуруп алган күндө дагы жеңил өткөрүү үчүн адам күч топтошу керектигин айтат. Мисалы, ушул тапта колдон келишинче организмге көп күч келтирбей, жакшылап эс алып, уйкуну кандыруу зарыл экен.


Sputnik

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер