Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айымдар үчүн жашоонун маңызы эмнеде?

Айымдар үчүн жашоонун маңызы эмнеде?

07-сентябрь, 12:56
5 425 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Терең ой жүгүрткөн мыкты журналист кыздарыбызга “Аялзаты үчүн жашоонун маңызы, бакыт эмнеде?” деген суроолорубузду узаттык.

Алмира Абидинова, журналист:

-- “Жашоонун маңызы – бул жашоонун маңызын тапкандыгыңда” дейт элем. Эгер аккан суунун агымы менен кете берсең, оюңда өтө көп суроолор пайда болот. Бирок сен ага жооп таба албайсың. Жыйынтыгында, ичиңде карама-каршылык пайда болот. “Эмнеге мындай, эмнеге тигиндей, же мындай болсо кандай болмок?” деген суроо-жооптор пайда болот. Эң өкүнүчтүүсү, ушундай суроо-жооптор менен алпурушуп өтүп кетсең, арман да! Бирок, мен бул нерсеге чекит коюуга аракет кылып көрөм. Өзүмдүн жашоо маңызымды издеп көрөм. Жашоонун маңызы ар бир адамда ар кандай болсо керек да. Адам табиятына, мүнөзүнө карап жашоону өз алдынча түрдүү кабыл алат. Демек, жашоо маңызы ар кимде ар кандай болуусу мүмкүн. Жалпылап эле жашоо маңызы динде, үй-бүлөдө, балада же байлыкта деп таңуулай бергенге болбойт. Ар ким чечимди өзү үчүн чыгарып алат. Маселен, мен үчүн жашоо маңызы – бул үй-бүлө жана мекенге болгон кызматым. Эгер өлкөм үчүн аз да болсо пайда алып келе алсам, анда мен бул дүйнөдө жашап өткөнүмө өкүнмөк эмесмин.

Асел Акмат, журналист:

-- Ар бир адам уникалдуу эмеспи. Буга байланыштуу ар бир аялзатынын да көз карашы ар башка. Кимдир бирөө үчүн жашоонун маңызы татыктуу жашап, из калтыруу болсо, кимдир бирөө үчүн үй-бүлө күтүп, бала жытын жыттоо болушу мүмкүн. Менин жеке көз карашымда, аялзат болобу, эркек болобу, каза болуп жатканда кыялдары менен эмес, ошол кыялдарын жашоодо ишке ашырып, ал сезимдерди башынан өткөрсө жана эч кимге зыяны тийбесе, бул да өзүнчө чоң бакыт да. Анан, албетте, аялдык бакыт дегенде сүйүктүү жар, мээримдүү эне болууну түшүнөм. Коомго бактылуу адамдарды тарбиялоо да көбүрөөк аялдын колунда. Бирок, жашоодо эч бир нерсеге кепилдик жок болгондуктан, эне болуу бактысы да баарына эле буюра бербейт. Ошондуктан кандай жашоодо жашабасын, негизгиси, адамзаттын жүрөгү тынч болуп, бактылуу жашап, өмүр кыска болгондуктан ар бир секундду баалап, мүмкүн болушунча ошонун даамын чыгарган адамды жолдуу катары эсептейм. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер