Убакытты кантип туура пайдаланса болот?


· Эрте тур! Ийгиликтүү адамдардын 80%ы күн нурун тосуп алышат. Күндө кечинде план түз жана бир күн өткөндөн кийин ошол пландалган иштердин канчасы аткарылганын талдап, өзүңдөн жыйынтык талап кыл. Күндөлүк колдон.
· Аткара турган иштерди алдын ала планда. Жумуштарды “маанилүү” жана “маанилүү эмес” деп экиге бөл. Маанилүүсүн түшкө чейин бүтүргөнгө аракет кыл, себеби, эртең менен адамда энергия көп болот.
· Пайда алып келбеген нерселерден кач. Азыр XXI кылым. Баары соцтармактарда отурат да. Ал жакта чынында азгыра турган нерселер көп экени маалым. Ошондуктан бул нерселерге чек коё бил. Бир баракчадан экинчи баракчага “интернет саякатчысы” болуу да билинбегени менен көп убакытты алып коёт.
· Бүгүнкүнү эртеңкиге калтырба.
· Ден соолугуң үчүн кам көр, анүчүн спорт менен машык.
· Көңүлгө жакпаган ишти жасабай эле кой.
· Эрте жатып, эрте тур!
"Азия Ньюс" гезити











