Суук тийгенде бал айрым дарыларга караганда жакшы жардам берери айтылууда
Оксфорд университетинин окумуштуулары суук тийгенде бал айрым дарыларга караганда жакшы жардам берерин айтышты. Бул тууралуу National Geographic жазды.
Мындай жыйынтыкка алар балдын натыйжалуулугу боюнча жасалган 14 изилдөө ишинен кийин келишкен.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, аарынын азыгы дем алуу органдары сезгенгенде, мурун бүтүп, тамак ооруганда жана жөтөлгөндө жардам берет. Текшерүүдө окумуштуулар 1 761 бейтапты кароодон өткөргөн.
Бал кадимки дарыга караганда жөтөлдү 36 пайызга азайтып, жөтөлгөндө тамактын ооруганын 44 пайызга басаңдаткан. Мындан тышкары, ал дем алуу органдарындагы оорунун сакайышын тездетип, анын убактысын эки күнгө чейин кыскарткан.
"Бал — бул дарыланууда дайыма колдонулуучу, бейтаптарга белгилүү табигый каражат. Андан тышкары, ал арзан, кол жетерлик жана эч кандай зыяны жок", — дешет изилдөөчүлөр.
Балды антибиотик менен салыштыруу өзгөчө кызыгууну жаратат. Окумуштуулардын айтымында, антибиотиктердин кыйыр таасири бар жана организмдин иммунитетин төмөндөтөт. Ошондуктан балды кошумча каражат катары пайдалануунун жакшы жактары арбын.
“Спутник”