Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Япон айымдары кандай тамактанышат?

Япон айымдары кандай тамактанышат?

10-август, 12:46
723 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Япондор арыктыкты абдан баалашкандыктан, тамак-ашында майды эң аз өлчөмдө колдонушат. Тагыраагы, тамактарынын 26 пайызын гана май түзөт. Балыкты көп жешкендиктен, майды балыктан эле алат десек болот. Андан сырткары, япон ашканасынын негизин буурчак, күрүч, жашылча-жемиштер түзөт. Шекерди аз колдонушат. Столго тамакты аз порциядан, кичинекей идишке коюшат. Тарелканы толтуруп берүү маданиятсыздык катары эсептешет. Япон тамактары жеңил жана бат даярдалгандыгы менен айырмаланат. Кууруп же мешке бышыргандын ордуна бууга бышырып, кайнатып же орточо отто бат кууруп жегенди жактырышат. Анткени ушундай ыкмалар менен тамак даярдаганда азыктагы керектүү витаминдер көбүрөөк сакталат деп эсептешет. Нандын ордуна күрүчтү колдонушат. Эртең мененки тамагында куурулган жумуртка, ботко, каймак майды кездештирүүгө болбойт. Алардын эртең мененки тамагы көк чай, бир чыны кайнатылган күрүч, мисо шорпосу, нори жалбыракчалары жана ышталган лосось балыгынын бир кесиминен турат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер