Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустан сакайгандан кийин кандай тамактануу керек?

Коронавирустан сакайгандан кийин кандай тамактануу керек?

31-июль, 22:32
806 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавируска кабылгандар сакайгандан кийин ден соолугун кантип калыбына келтириши керектигин саламаттык сактоо министрлигинин республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева брифинг учурунда түшүндүрүп берди.

Адистин айтымында, оорунун орточо жана өтө оор формаларынан сакайган адамдарга калыбына келүүгө бир топ убакыт талап кылынат. Бул аралыкта алар алсырап, демигип бат чарчашат. Ошондой эле киши мурда кылып жүргөн нерселерди жасай албай, тез эле чаалыгып калат.

Бул күндөрү адам тамак-ашына өзгөчө көңүл буруусу керек. Мисалы, белок жана витаминдерге бай азыктар организмди тез арада калыбына келтирет.

"Айран жана дүкөндүн кефири ичеги-карындын ишин жакшыртат. Майы жок уй эти менен канаттуу этин кайнатып жеш керек. С витаминине бай лимон, болгар калемпири, карагат, шпинат, петрушка өтө пайдалуу. Суусундуктан жалбыз, ит мурун, шалфей кошулган чай, компот жана морсторду ичүү керек", деди Алтымышева.

Ал эми куурулган, ышталган, өткүр даамдуу тамактардан убактылуу алыс болгон туура. Туз, кант жана ачуу калемпирден дагы баш тартуу керек. Мындан тышкары, коронавирустан жаңы сакайган адамга чылым, ичимдик жана газдалган таттуу суусундуктар эки эсе зыян алып келери кошумчаланды.

Ошондой эле адис сегиз сааттан кем эмес уктоону жана мурдагыдай эле баардык санитардык нормаларды карманууну сунуштайт.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер