Алкоголь кубаныч да, кайгы да алып келет. Кубанычы – жалган, кайгысы – чын

Мен күйөөм аракеч экенин билбептирмин, бир күнү үйгө соо келгенде гана билип атпаймынбы.
(Гейл Дабелл)
Мен бир гана жолу мас болдум – 1971-жылдан 1990-жылга чейин.
(Джим Дэвидсон)
“Мас болуп көрдүң беле?” дейсизби? Ооба, ичкенде мас болом.
(Рубен Оливе Рас)
Ал жашаш үчүн эмес, ичиш үчүн жаралган.
(Император Аврелиандын өзүнүн колбашчыларынын бири тууралуу айтканы)
Мас кул өзүн эркин сезет.
(Байыркы Рим накылы)
Ичүүнүн ышкыбоздору бат эле профессионалга айланышат.
(Тамара Клейман)
Мас киши – дүйнөнүн чыныгы борбору: баары анын тегерегинде айланат.
(Э.Ожье)
Алкоголь адатта эркек менен аялды жакындатат, бирок күйөө менен аялын ажыраштырат.
(Константин Мелихан)
Арактын өңү ак, бирок ал мурунду кызыл, кадыр-баркыңды кара кылып коёт.
(Антон Павлович Чехов)
Арак кызык эле нерсе! Аны ашказаныңа ичесиң, бирок көзүңө куюлуп, мээңе тебет.
(Стас Янковский)
Ар бир аракеч ичер замат философко айланат, бирок бул ал чындап эле философ экенин билдирбейт.
(Борис Андреев)
Жеңишке мас болуу бат эле аракечтикке алып келет.
(Станислав Ежи Лец)
Чаңкоосун суу менен эмес, вино менен кандырган адам малдан да жаман.
(Диоген Синопский)
Чөп-чар улутту айыктырса, алкоголь кыйратат.
(Боб Марли)
Аракеч эч качан акыл-эс жагынан да, адеп-ахлак жагынан да алдыда боло албайт.
(Лев Тостой)
Мен ичимдиктин зыяны тууралуу өтө көп окудум. Ошон үчүн эми эч качан... окубайын деп чечтим.
(Генри Янгмэн)
Алкоголь абдан пайдалуу нерсе. Ал оорулууга жардам бербесе да, врачка жардам берет.
(Джордж Бернард Шоу)
1969-жылы мен аялдарды да, алкоголду да таштадым. Бул менин өмүрүмдөгү эң оор, эң кыйын 20 мүнөт болгон.
(Джордж Бест)
Мен баңгизат менен алкоголго “жок” деп кыйкырдым. Бирок, алар мени укпай коюшпадыбы...
(Робби Уильямс)
Алкоголь кишидеги адамды уктатып, айбанды ойготот.
(Альбер Камю)
Арак адамдарды акырына чейин ичет.
(Рышард Мотас)
Кээ бирөөлөр үчүн жашоо кырк жаштан кийин башталса, кээ бирөөлөр үчүн 100 граммдан кийин башталат.
(Леонард Джевецкий)
Биринчи бөтөлкөнүн баасы гана кымбат болот.
(Араккечтер накылы)
Сүйүү дүйнөнү кыймылга келтирет, бирок виски аны эки эсе бат кыймылдатат.
(Комптон Макензи)
Эгер ошончолук эле келжирегиң келип атса, жок дегенде ичип алып келжиречи!
(Михаил Гусков)
Аракты канчалык көп алсаң да кайра барганга туура келет.
(Орус накылы)
Эгер рецепт менен таблетка түрүндө ичсең, арак деле жакшы дары.
(Павел Шарпп)
Жүрөк ооруйт. Дарылай баштасаң бооруң ооруйт.
(Семен Альтов)
Күзгүдөн адамдын денеси чагылса, винодон жандүйнөсү чагылат.
(Эсхил)
Таланттуу акын шарап ичкенди жакшы көрөт, бирок шарап ичкендин баары эле таланттуу акын эмес.
(Чжан Чао)
Адеп-ахлактын алкагында аракеч кысылып кетет.
(Александр Минченков)
Адамга пиво алып берсең, аны бир саатка жоготосуң. А эгер ага пиво кайнатканды үйрөтсөң, биротоло жоготосуң.
(Чарльз Папазян)
Аялдардын, достордун айынан эмес, аялдар, достор үчүн ичиш керек.
(Михаил Гусков)
Балык уулоо – аракты таң азан ичкенге эң сонун шылтоо.
(Джимми Каннон)
Шарап ичкен киши менен суу ичкен киши эки башка ой жүгүртөт.
(Демосфен)
Алкоголь кубаныч да, кайгы да алып келет. Кубанычы – жалган, кайгысы – чын.
(Александр Мельников)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити