Мунаранын бийиктиги андан түшкөн көлөкө менен өлчөнсө, адамдын улуулугу аны көралбагандардын саны менен өлчөнөт

Жупунулук баатырга кандай көрк берет!
(Ольга Громыко)
Арстанды жыксаң, Жунглидегилердин баарынын жүрөгү түшүп, тил алчаак болуп калышат.
(Вилли Старк)
Адамдын улуулугу – сулуулуктун эң жогорку формасы.
(Терри Гудкайнд)
Эң улуу адам да табытка кенен батат.
(Денис Дуник)
Улуулук убакытты талап кылат. Кээде жөнөкөй эле башталыш улуу ачылышка алып келет.
(Шеннон Чакроборти)
Мунаранын бийиктиги андан түшкөн көлөкө менен өлчөнсө, адамдын улуулугу аны көралбагандардын саны менен өлчөнөт.
(Кытай накылы)
Жамандыкты таштасаң, улуу адам боло баштайсың. Жамандык жамандык үчүн гана жаратылган.
(Лукман Хаким)
Улуу адамдардын атак-даңкы алар улуулукка кандай ыкма менен жетишкендигине карап бааланат.
(Франсуа де Ларошфуко)
Улуу окуялар гана улуу адамдарды жаратат.
(Жан-Жак Руссо)
Кээ бир адамдар улуу болуп туулушат, кээ бир кишилер улуулукка жетишет, кээ бирөөлөргө болсо улуулук өзү келет.
(Уильям Шекспир)
Аны көргөндөрдүн баары “улуу да, ак көңүл да адам экен” деп ойлошчу. Бул эки сапат сейрек адамда гана чогуу кездешет.
(Лейли Тейлор)
Балдарым улуу болсун десең, сен өзүңө тең адамды табышың керек.
(Мария Фариса)
Улуулукка башкаларды басынтуу менен жетишүү мүмкүн эмес.
(Ян Будяшек)
Улуулук бар жерден даанышмандык качат.
(Джеффри Линдсей)
Өзүңдөгү улуулукту жеңүү менен сен өмүрүңдөгү эң чоң эрдикти жасап, жупунулуктун бийик чокусуна чыга аласың.
(Авессалом Подводный)
Кээде улуу иштер кандай балит жолдор менен жасалат!
(Уильям Шекспир)
Өзүнүн улуулугуна туткун болгондон өткөн пастык жок.
(Жан-Батист Мольер)
Адамдын тагдыры ал өзүн эмнеге арнагандыгына байланыштуу болот.
(Сандей Аделаджа)
Анын кулу болгонуң эле сен үчүн чоң сыймык. Бирок, сен Ал эгең болгонуна сыймыктанасыңбы?
(Ибн Каййим аль-Джаузия)
Ырдын жанры маанилүү эмес. Улуу ыр дайыма улуу.
(Уитни Хьюстон)
Улуу иште каалоонун өзү чоң нерсе.
(Проперций Секст)
Улуу иш жасамакчы болгондордун аракети ишке ашпай калса да урматташ керек.
(Кенже Сенека Луций Анней)
Көзүңдү жүлжүйтүп, шыкаалап атып карасаң, күндөн да такты көрөсүң.
(Козьма Прудков)
Улуулук – бул күчтүү болгондукта эмес, ошол күчтү туура пайдалангандыкта.
(Генри Уорд Бичер)
Дөөлөр алыстан караганга эле жакшы.
(Мирче Элиаде)
Эң улуу дарыялардын башатын карасаң, кичинекей бир булак болуп чыгат.
(Пьер Тейяр де Шарден)