Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мекениңди өзүң менен кошо алып кете албайсың, ага болгон сагынычты гана алып кетесиң

Мекениңди өзүң менен кошо алып кете албайсың, ага болгон сагынычты гана алып кетесиң

18-октябрь, 16:43
4 802 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биринчи орунда мекениң жана ата-энең, анан балдарың, үй-бүлөң, андан кийин калган туугандарың турушу керек.

(Цицерон)


Өз мекенине каршы согушкан киши баатыр боло албайт.

(Виктор Гюго)


Мекен үчүн курман болгон кубанычтуу да, ардактуу да.

(Гораций)


Мекенине чыккынчылык кылыш үчүн кандай гана пас адам болуш керек.

(Николай Чернышевский)


Чоочун жер эч качан сага мекен болбойт.

(И.Гете)


Бөтөн жерде тентиреп жүргөндөн өткөн кордук барбы?

(Гомер)


Мекен үчүн керек болсо атак-даңктан да баш тартыш керек.

(Фабий Максим)


Мекенди сүйүү үй-бүлөдөн башталат.

(Фрэнсис Бэкон)


Өз мекенин сүйө албаган киши эч нерсени сүйүп жарытпайт.

(Джордж Ноэл Гордон Байрон)


Көп кишилер “Мекен” жана “Улуу урматтуум” деген эки түшүнүктү алмаштырып алышат.

(Михаил Евграфович Салтыков-Щедрин)


Мекенине болгон сүйүү цивилизациялуу адамдын биринчи белгиси.

Наполеон I (Бонапарт)


Мекенди сүйүүдө чек болбойт.

(Станислав Ежи Лец)


Мекенди коргоо – өзүңдүн ар-намысыңды коргоо.

(Николай Константинович Рерих)


Чоочун жерде чүйгүн тамак жегенче, мекениңде кара нан же.

(П.Аретино)


Ата журтуңдун үнү – дүйнөдөгү эң мыкты музанын үнү.

(П.Беранже)


Мекенсиз киши – жарды, жакыр киши.

(Якуб Колас)


Жарма патриотизм патриотторго муктаж эмес.

(Владимир Котиков)


“Мекен, эл” деп кыйкыргандардан коркуш керек. Мекенди биринчи болуп ошолор сатат.

(Белгисиз автор)


Неопатриоттор мекенин ушунчалык сүйүшөт, керек болсо аны менчиктештирип алганга да даяр.

(Леонид С.Сухоруков)


Мекениңди сагынуудан өткөн керемет оору жок.

(Иоганн Георг Гаман)


Мекениңдин түтүнү чоочун жердеги отко караганда жарыгыраак.

(Самосоталык Лукиан)


Чыныгы патриот атамекендик рублду чет элдик валютадан артык көрөт.

(Константин Кушнер)


Эч качан кечирилбей турган күнөө бар, ал мекенге чыккынчылык кылуу.

(Пьер Буаст)


Мекениңдин гүлү да башкача жыттанат.

(Александр Иванович Куприн)


Даңктуу өлүмдөн коркпогула. Мекен үчүн жанды кыюу – жашоо дегенди туюндурат.

(Фидель Кастро)


Бөтөн жерде өткөргөн жылдарды дарактан кесилген бутакка салыштырса болот.

(Анна де Сталь)


Кайсы жерде таяк болсо, кулдун мекени ошол жер.

(Генрих Гейне)


Мекениңде сенин өтмүшүң да, келечегиң да болот. Ал эми чоочун жерде болсо бүгүнкү күнүң гана бар.

(Гиршфельд)


Горизонттон ары кеткенде асман гана эмес, жүрөк да өзгөрөт.

(Латын накылы)


Эң күчтүү чеп – мекенге болгон сүйүү.

(Имам Шамиль)


Мекениңди өзүң менен кошо алып кете албайсың, ага болгон сагынычты гана алып кетесиң.

(Чыңгыз Айтматов)


Адам жүрөксүз жашай албаган сыяктуу мекенсиз да жашай албайт.

(Константин Паустовский)


Мекенин жоготкон – баарын жоготот.

(Абхаз макалы)


Туулган жер – алтын бешик.

(Казак макалы)


Сен падыша болосуңбу, же кой кайтарган чабан болосуңбу, мекениң жок болсо жетимсиң.

(Нурсултан Назарбаев)


Мамат САБЫРОВ

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер