Көп уйку кан айланууну начарлатып, ашыкча салмактуулукту пайда кылат
Эс алуудан тышкары максатсыз уйку бүт денеге зыян. Булчуңдар бош болуп, тери чыйрактыгын жоготот.
Ашыкча уйкуда буйдаланып ыңгайсыз жатуу көнүмүш болуп калат. Бул жүзгө, моюнга, төшкө бырыш түшүрүп, карылыкты эрте чакырат.
Кыймылсыздыктан денеге туз уюп, омуртка оорулары пайда болот. Уйкучулук мурда бар муун ооруларын ого бетер күчөтөт.
Максатсыз уйку кан айланууну начарлатат. Бул ашыкча салмактуулукту пайда кылат. Адамдагы ар бир ашыкча май – жаңы оору.
Уктап калуу таңкы тамакты кечеңдетери анык. Ал эми ашказан сиздин ойгоо же уйкуда экениңизге карабай өз кызматын аткара берет. Эртең менен бош иштей берген ашказан сөзсүз ооруга кабылат.
Бөйрөктө да ушул маселе. Табарсыктын чыңалып толгонуна карабай уктаганда заара денеге тарап кетет. Бул эң алды бөйрөккө зыян алып келет.