Сууга чөгүп баратканда кандай ыкманы колдонсо болот?

Учурда ар бир күнү сууга чөгүү боюнча үрөй учурган кырсыктар катталууда. "Сактансаң сактайм" деген кеп бар.
Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүздүн ден соолугуңуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишерлик билишиңиз керек.
Тамактанган соң 1,5 сааттан кийин сууга түшүү сунуш кылынат. Көбүнчө балдардын пляжында болгон оң, анткени ал жер жакшы, талапка ылайык кырсыктын алдын алуучу зарыл каражаттар менен камсыз болот. Эсиңиздерде болсун, балдар чоң кишилердин көзөмөлүндө гана сууга түшө алышат.
Пляждын территориясында медициналык пункт жана күндөн калкалоочу серелер курулушу керек. Сууда сүзгөндү билбеген балдарга ден соолукту чыңдоо лагеринин же балдар мекемелеринин жетекчилери өзүнчө машыгуу жүргүзүүсү абзел. Кырсыкты болтурбоо үчүн балдарга сууда өзүн алып жүрүү эрежелерин жана оор кырдаалдарда эмне кылуу керек экендигин түшүндүрүү зарыл.
Эсиңиздерде болсун:
-- сууга уруксат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
-- тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
-- кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
-- күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшпөш керек;
-- үйлөмө матрастарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;
-- көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.
Эгерде сиз
-- чарчап турсаңыз;
-- күн өтүп кеткен болсо;
-- ачкарын болсоңуз;
-- суусап турган болсоңуз;
-- ооруп айыккандан кийинки, ошондой эле спирт ичимдиктерин ичкенден кийинки абалда болсоңуз, сууга түшүүдөн өзүнүздү токтотуп койгонуңуз жакшы болот.
Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын, шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.