Сүйүү түбөлүктүү. Сүйүшкөндөр гана алмашып турат...


Түбөлүктүүлүк издеген киши жалгыздык табат.
(Мюриель Барбери)
Түбөлүктүүлүк эмне дейсиңби? Убакыттын эле бирдиги.
(Станислав Ежи Лец).
Бүгүнкү күндү эсте... Анткени, ушу күндөн түбөлүктүүлүк башталат.
(Дэн Браун)
Эч качан көз ирмемден коркпо, түбөлүктүүлүктүн добушу ушинтип обон созот.
(Рабиндранат Тагор)
Өлүм мени түбөлүктүүлүгү менен өзүнө тартып, кызыктырат.
(Сальвадор Дали)
Ар бир күндө түбөлүктүүлүктүн бир үзүмү бар.
(Пауло Коэльо)
Түбөлүктүүлүктүн алдында башка нерселердин баары түккө арзыбай калат.
(Николай Помяловский)
Түбөлүк нерселердин ичинен сүйүүнүн өмүрү баарынан кыска.
(Жан-Батист Мольер)
Сүйүү түбөлүктүү. Сүйүшкөндөр гана алмашып турат...
(Пауло Коэльо)
Тиги дүйнөдөгү жашоого ишенбегендер бул дүйнөдө деле өлүк.
(Вольфганг Гете)
Эгер сен Кудайга түбөлүк жыргал үчүн кызмат кылып жаткан болсоң, анда Кудайга эмес эле өзүңө кызмат кылып жаткан экенсиң.
(Ангелус Силезиус)
Түбөлүктүүлүк көрүнбөс нерсе, бирок биз аны карай беребиз.
(Мюриель Барбери)
Түбөлүк суроолорго түбөлүк жымжырттык гана жооп берет.
(Аль Хайтам)
Түбөлүктүүлүк – бул мезгилдин дарыясы агып, куюп турчу мухит.
(Авессалом Подводный)
Жашоо – бул эки түбөлүктүүлүктүн ортосундагы кыска, өтө кыска мезгил.
(Томас Карлейл)
Силерге кеңешим: ызы-чууну токтоткула. Биз бул жерде убактылуу гана жашайбыз, түбөлүктүүлүк болсо тиякта.
(Мухаммад Окар)
Мен сенин жылмаюуңда түбөлүк жашайм.
(Николас Спаркс)
Түбөлүк жашоого жасалган биринчи кадам – бул өлүү.
(Чак Паланик)
Жай түбөлүккө созулбайт. Уя салгыла.
(Латын накылы)
Менин мүрзөмө гүл өсүп чыгат, анда мен болом. Түбөлүктүүлүк деген ушул эмеспи!
(Эдвар Мунк)
Бай өлбөс эмес, баатыр да өлбөс эмес.
(Монгол накылы)
Түбөлүктүүлүктү тана албайсың.
(Михаил Светлов)
Унчукпоо түбөлүктүүлүк сыяктуу терең, сүйлөгөн мезгил эле тайыз.
(Томас Карлейль)
Эл түбөлүктүү, королдор гана өлүшөт.
(Генрих Гейне)
Түбөлүктүүлүктүн алдында бул дүйнөдөгү жашоо эмне? Коёндун секиргениндей эле нерсе.
(Умар ибн-аль-Хаттаб)
Түбөлүк нерселер гана чындык.
(Освальд Шпенглер)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити











