Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Апалар гана бизди өмүр бою көтөрүшөт. Тогуз ай курсагында, үч жыл колунда, өмүр бою жүрөгүндө...

Апалар гана бизди өмүр бою көтөрүшөт. Тогуз ай курсагында, үч жыл колунда, өмүр бою жүрөгүндө...

13-июнь, 19:30
584 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бала апасын күлкүсүнөн тааныйт.

(Лев Толстой)


Биз эже-карындаштарыбызды, аялыбызды, атабызды жакшы көрөбүз, бирок жаныбыз кыйналганда апабызды гана эстейбиз.

(Николай Некрасов)


Аялдардын баары апасына окшош, алардын трагедиясы ушунда. Эркектердин эч бири апасына окшобойт, алардын трагедиясы да ушунда.

(Оскар Уайлд)


“Периштелер болбойт” деп ким айтты? Тек, жер жүзүндө аларды “апа” деп аташат.

(Редьярд Киплинг)


Эркек менен аялдын ортосундагы сезим – бул адамдык сезим: ал туулуп, жашап, бир күнү өлөт... Ал эми энелик сезим – Кудайлык сезим: ал түбөлүктүү.

(Татьяна Линдберг)


Киндик кесилгенден кийин эле эне менен баланын ортосундагы байланыш үзүлүп калбайт, ал эне көз жумганга чейин уланат.

Бала апасын укпай калганда эмес, апасынын айткандары туура экенин түшүнгөндө гана эр жеткен болот.

Апалар гана бизди өмүр бою көтөрүшөт. Тогуз ай курсагында, үч жыл колунда, өмүр бою жүрөгүндө...

Аял балалуу болгон соң анын жүрөгү башка көкүрөктө сого баштайт.

(Анне Геддес)


Эркектер бала төрөй албастыгынын өзү аялдардын артыкчылыгынын эң сонун далили.

(Александр Кожевников)


Эгер эркектер төрөгөндө, эч ким бирден ашык балалуу болмок эмес.

(Принцесса Диана)


Апабыз көз жумгандан кийин гана биз ушу кезге чейин Кудай менен жашап жүргөнүбүздү түшүнөбүз.

(Леонид Сухоруков)


Жаман эне жакшы аял боло албайт.

(Адрей Лаврухин)


Эненин жүрөгү... Аны сүрөттөөгө сөз таба алмак белең?..

(Артем Веселый)


Эне баласын өпкөндө да, тилдегенде дагы эт-жүрөгү элжиреп турат.

(Перл Бак)


Жигит апасына кандай мамиле кылганын карап туруп, анын аялына кандай мамиле кыларын билсе болот.

(Фэнни Флэгг)


Энесин урматтай албаган адам өзү да урмат-сыйга татыктуу эмес.

(Шодерло де Лакло)


Эне башкалардын ордун алмаштыра алат, бирок эненин ордун эч ким алмаштыра албайт.

(Кардинал Мермиллод)


Ар бир үйдүн жүрөгү эне бар үчүн согуп турат.

(Лерой Бранлоу)


Эне баласы айтпаган сөздү да түшүнөт.

(Еврей накылы)


Эне эки жолудан ойлонууга тийиш – бир жолкусунда өзү үчүн болсо, экинчисинде баласы үчүн.

(Софи Лорен)


Сага тил үйрөткөн апаңа тил кайырба.

(Али Ибн Абу Талиб)


Эртеби-кечпи биз баарыбыз апабыздын сөзүн айтабыз.

(Бернард Уильямс)


Мени кыялданууга үйрөткөнүң үчүн рахмат сага, апа!

(Джаред Лето)


Ыйлаганга эң сонун жер – бул эненин кучагы.

(Джоди Пиколт)


Баланын ооруп жаткан жерин апасы өөп койсо оору басаңдай түшөт. Эр болсоң муну илимий жактан түшүндүрүп көрчү?

(Трумен Капоте)


Энесинин көзүнө коңуз да жейрен болуп көрүнөт.

(Марокко накылы)


Көзү сокур күчүк да энесин көздөй талпынат.

Картайган кезде атаң менен апаңды таштаба, ошондо Кудай да сени таштабайт.

(Орус накылы)


Мамат Сабыров 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер