Ойго салган турмуштун кызыктуу сабактары, таңгаласың...


Эки бала бир кызды жактырышчу. Биринчиси кызга арнап ырларды жазып, мектепке бара жатканда жана кайтканда портфелин көтөрүп алчу. А экинчиси чачынан тартып, столуна кнопка коюп, жинине тийчү. Бүтүрүү кечесинде бийге түшүүдө кыз экинчисин тандады.
Мораль: аялдар сокур сезиминде өзүн жана балдарын коргой ала турган, чечкиндүү жана кайраттуу эркекти тандашат.
Жыйынтык: аялзатын дегеле түшүнбөйсүң.
***
Бир кыз мектепте “5” алып, экинчиси “2” алды. Биринчиси сүйүнгөнүнөн секирип, ойноп келе жатып, жыгылып, бутун сындырып алат. Экинчиси “2” алганы үчүн күнөөлүү болуп, башын шылкыйтып келе жатып, жолдон акча толгон капчык таап алат.
Мораль: жашоодо болуп жаткан окуялар өзүнүн артынан башка окуяларды ээрчите келет. Андыктан, болбогон нерсе үчүн кыжалат болуштун жана анчалык мааниге ээ болбогон жеңиш үчүн эйфорияга түшүштүн кереги жок.
Жыйынтык: ийгилик кайдан табылып, кайда жоголорун эч ким билбейт.
***
Бир жигит сууда жакшы сүзчү, экинчиси таптакыр сүзгөндү билчү эмес. Бир күнү алар сууга түшкөнү барышат. Биринчиси алыска сүзүп кетип, суунун ортосунда бутунун тарамышы түйүлүп калып, чөгүп кетет. Экинчиси сууда сүзө албаганы үчүн жээкте жүргөн, ага жадагалса суук да тийген жок.
Мораль: алгачкы коомдон айырмаланып, заманбап коомдо бир нерсеге жөндөмдүү болуу биздин аман калышыбызга себеп болбойт, тескерисинче, ашыкча тобокелчиликке түртөт.
Жыйынтык: өзүңдү ашыкча көрсөтө бербе, тынч болосуң.
***
Бир баланын ата-энеси ичип, чегип, эч жерде иштешчү эмес. Экинчи баланын ата-энеси илимдин доктору деңгээлине жеткен, жакшы жашаган адамдар болчу. Биринчи бала чоңоюп, ичпей, чекпей, окууга, андан ары аспирантурага тапшырат. Экинчиси наркоман болуп кетет.
Мораль: жетишпеген турмушта жашаган үй-бүлөдө чоңойгон бала бат эле жетилүүнү кыялданып, мурунку жашоосун өзгөртүп, жакшы жашаганга аракеттенет. Жылуу жайда, жетишкен турмушта жашаган балдар көбүнчө айланасындагы реалдуУлукка, чыныгы жашоого каршы турууга жөндөмү жок болуп чоңоюп калышат.
Жыйынтык: балдардын келечеги айлана-чөйрөдөн, тарбиядан көз каранды.










