Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Адам кыйынчылыкка дуушар болмоюнча өзүнүн чыныгы күчүн байкай албайт
Адам кыйынчылыкка дуушар болмоюнча өзүнүн чыныгы күчүн байкай албайт
07-июнь, 09:00


Адамдардын жакшы сапаттарын гана көрүүгө аракет кыл, жаман сапаттарын өздөрү эле көрсөтүп коюшат.
***
Адам баласы кыйынчылыкка дуушар болмоюнча өзүнүн чыныгы күчүн байкай албайт.
***
Жүрөгүңө себилген кыялдарыңды дуба менен сугарып тур. Насибиңде болсо, сөзсүз бир күнү өнүп чыгат.
***
Өлгөнүңдөн кийин адамдар сени канчалык тез унутарын билгениңде, аларга жагынмай жашоону токтотмоксуң.
***
Адамдагы эң чоң көйгөй анын жалкоолугу эмес, аны алдыга сүрөгөн чоң максаттарынын жоктугу."Азия Ньюс" гезити











