Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мен жалган айткандарды жаман көрөм, бирок чындыкты уккандан деле чарчадым...

Мен жалган айткандарды жаман көрөм, бирок чындыкты уккандан деле чарчадым...

04-июнь, 21:30
800 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Балдар менен келесоолор чындыкты айтышат” дешет. Мындан кандай тыянак чыгарсак болот? Чоң кишилер менен акылдуулар дегеле чындыкты айтышпайт турбайбы анда.

(Марк Твен)


Турмушта чындыкты ким айтканы маанилүү. Кээ бир кишилердин оозунан чыккан чындык сөз да калпка айланып кетет.

(Томас Манн)


Мен жалаң чындыкты айтып тамашалашам. Мындан өткөн күлкүлүү нерсе барбы?!

(Бернард Шоу)


Чындыктын чычаласын аламандын арасынан эч кимдин сакалын күйгүзбөй алып өтүш өтө кыйын.

(Г.Лихтенберг)


Дайыма чындыкты сүйлөгөн киши менен эч ким жашай алмак эмес. Кудайга шүгүр, эч кимибизге андай коркунуч жок.

(Марк Твен)


Жашоо тууралуу бардык чындыкты атүгүл өзүңө да айтып болбойт.

(М.Домбровская)


Жарым жартылай чындык кошулган калп – жалгандын эң жаман түрү.

(Сэмюэл Смайлс)


Чындыкты айтпаш үчүн өтө көп сөз керек.

(Анна Каменская)


Чындыкты айткан дайыма кыйын, жалганды уккан дайыма жеңил.

(Сюзанна Броан)


Анын ордунда болсоң өзүң калп айтмак экениңди билсең, бирөө чындыкты айтып жатканына ишениш өтө кыйын.

(Генри Луис Менкен)


Өтө кызыктуу окуя сейрек учурда гана чын болуп чыгат.

(Сэмюэл Джонсон)


Калп бардык дарбазалардан кирип кетет, ал эми чындыкка болсо эшиктер да жабылып калат.

(Мария Ногаева)


Кошоматчылык досторду, чындык болсо душмандарды пайда кылат.

(Теренций)


Чындык – уктап жаткан ит.

(Джон Бойнтон Пристли)


Калптын одеялы чындыктын кыйкымдарынан тигилет.

(Никитка Михалков)


Жомокторго ишенбей эле койгула. Алар чындап эле болгон.

(Станислав Ежи Лец)


Бирөөлөрдүн өмүр баянын окуп жатканда бир нерсени эсиңерден чыгарбагыла: чындык жарыялаганга жарабайт.

(Бернар Шоу)


Бирдекени далилдеп берген киши даанышман эмес, акыйкатты билсе да унчукпай койгон киши даанышман.

(Конфуций)


Эгер бардык суроого эле чындык менен жооп бере берсең, анча чындыкты каяктан табасың?

(Борис Трушкин)


Адамды кантип чындыкты айттырса болот? Жинине тийгиле, ачуусу келген кишинин калпты ойлоп тапканга убактысы болбойт.

(Бернард Шоу)


Жалган менен чындыктын айырмасы ушунда: жалгандын дайыма күбөлөрү болот, ал эми чындыктыкы болбойт.

(Михаил Задорнов)


Тарых – бул баары ишенген роман, роман болсо эч ким ишенбеген тарых.

(Моисей Сафир)


Жылаңач чындыктын ушунусу жакшы, ага кийимине карап мамиле кылышпайт.

(Константин Кушнер)


Жерге көмүлгөн чындык жалганга жер семирткич болуп берет.

(Валерий Афонченко)


Калп менен жалган шыбырап сүйлөсө, чындык үнүн катуу чыгарып, кыйкырып сүйлөйт.

(Лопе де Вега)


Ачуу чындыкты арзан арак менен ичишсе, таттуу калпты кымбат коньяк менен ичишет.

(Стас Янковский)


Баары калп айтып жаткан учурда чындыкты айткан – бул экстремизмге жатат. 

(Оруэлл)


Мен жалган айткандарды жаман көрөм, бирок чындыкты уккандан деле чарчадым...

(Виктор Цой)


Эгер жалганчылардын кароо-сынагы өтчү болсо, чындыкты айткан киши жеңип чыкмак.

(Илья Ильф)


“Калп айтып атасың” деп жаман көрбө, чындыкты айта баштаса эмне кыласың?

(Иоанна Вилиньская)


Эмне үчүн чындыкты сындашат? Себеби, ал жылаңач.

(Федор Радецкий)


Мамат Сабыров 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер