Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаз – дарактар кийинип, аялдар чечинген мезгил

Жаз – дарактар кийинип, аялдар чечинген мезгил

15-март, 09:00
532 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаз – бул чыныгы кайра жаралуу, өлбөстүктүн бир үзүмү.

(Генри Дэвид Торо)


Бир жылдык планды жазында түзүш керек, бир күндүк планды эртең менен түзүш керек.

(Кытай накылы)


Кыш бүтмөйүн жаз келбейт.

(Силован Рамишвили)


Жүрөктөрдүн түшүнө дайыма май айы кирсинчи...

(Сергей Есенин)


Жазында ар бир адам сулуу болуп кетет.

(Стивенг Кинг)


Революциядагыдай эле кырдаал болуп турат: жер мурдагыдай жашагысы келбейт, кар болсо мурдагыдай бийлик жүргүзө албайт.

(Елена Ермолова)


Жазды күтүү – кыштын кыйынчылыгына чыдаганга жардам берет.

(Силован Рамишвили)


Жаз – сүйүү үчүн эң оор сыноо, анын эң улуу атаандашы.

(Марина Цветаева)


Сабырдуу бол. Жаз келсе гүлдөр өзүнөн өзү ачылат.

(Кытай накылы)


Жазында атүгүл өтүктөр да бири-биринин кулагына шыбырап, назик сөздөрдү айтышат.

(Эмиль Кроткий)


Жаздын бүткөнү жай келгенин билдирбейт.

(Марта Кетро)


Жаз кандай жыргал экенин кышында гана түшүнөсүң, май айы жөнүндөгү эң мыкты ырлар мештин жанында отурганда жазылат.

(Гених Гейне)


Кыш жазды кечиктириши мүмкүн, бирок анын келишин токтото албайт.

(Силован Рамишвили)


Болду, жетишет, мен жазсыз жашай албайм!

(Владимир Высоцкий)


Жаз менен кошо дайыма өзгөрүү келет.

(Майкл Такер)


Жазды күтүү – бейишти күткөн сыяктуу.

(Стивенг Кинг)


Жаз өлүүнүн эмес, өнүүнүн мезгили.

(Лиза Джейн Смит)


Жаздын адегенде жыты келет.

(Фэн Цзицай)


“Башкача болуп кетипсиң. Мурдагыдан да сулуу болуп кетипсиң. Март сага жарашат экен”.

(Сара Джио)


Жаз дайыма асмандан башталат.

(Аль Квотион)


Февралга канчалык жиниң келсе да жазга кабагыңды бүркөбө.

(Украин накылы)


Кыш канчалык узак, каардуу болсо, жаз ошончолук жылуу, сүйгүнчүк болот.

(Петр Квятковский)


Дарак гүлдөшү үчүн аны бутап-кыйыштыргындын өзү жетишсиз: анүчүн жаз да келиши керек.

(Антуан де Сент-Экзюпери)


Эмне дейбиз, өлө турган болгон соң жазында өлөлү.

(Иван Тургенев)


Каардуу кышты башынан өткөрбөгөн киши жаз эмне экенин деле билбейт.

(Роб Буйе)


Жер шарындагы эң чоң, эң улуу сүрөтчү Леонардо да Винчи менен Пиккасо эмес, жаз.

(Фэн Цзицай)


Мен кышты жакшы көрөм. Ал ыплас нерселерди жаап-жашырып турат. Жаз болсо адамдын чыныгы жүзүн ачып салат.

(“Карышкырлар өрөөнү” тасмасынан)


Жаз ар кандай адамды акылдан адаштырат. Атүгүл муз да эрип кетпедиби.

(Эмил Кроткий)


Жаз – дарактар кийинип, аялдар чечинген мезгил.

(Михаил Жванецкий)


Жаздын шамалы бакыттын жытын алып келет.

(Уршула Зыбура)


Мамат Сабыров 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер