Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Окумуштуулар канча жашта аялдар эң сулуу болорун эсептеп чыгышты

Окумуштуулар канча жашта аялдар эң сулуу болорун эсептеп чыгышты

08-март, 19:30
651 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Британдык жана америкалык окумуштуулар бизди ар кандай күлкүлүү изилдөөлөр менен дайыма кубандырып турушат эмеспи. Бул жолу алар сулуулуктун гүлдөгөн убагы деп эсептелген аялдын орточо жашын эсептөөнү чечишиптир.

Ушул убакка чейин “адам 30 жашка чейин сулуу болуп, анан акырындык менен сулуулугу жоголо баштайт” деп ырасташкан. Бирок жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы сизди таңгалдырышы же кубандырышы мүмкүн. Анын жыйынтыгы тууралуу айтып берели.

Аялдын эң сонун курагы

Көрсө, заманбап сулуулук индустриясы – бул жөн гана акча табуу эмес, аялдын сулуулугун жана жаштыгын узак убакытка сактоого жардам берген эффективдүү инструменттер жана процедуралар экен. Бостон университетинин адистеринин изилдөөсүнө ылайык, мындан 30-40 жыл мурун эң сулуу айымдардын орточо жашы 33 жаш болгон. Азыр бул көрсөткүч көбөйүп, 38 жашты түздү.

Бул жыйынтыкты алуу үчүн акыркы 20 жыл ичинде “People” журналынын ар кандай сандарына чыккан аялдар изилденди. Албетте, 38 жаш – орточо жаш. Мисалы, 59 жаштагы Шэрон Стоун менен Мишель Пфайфер, ошондой эле 49 жаштагы Жулия Робертс эң сулуу айымдардын бири катары таанылган. Андыктан урматтуу айымдар, жыл өткөн сайын сулуулукту жана назиктикти жоготуп алуудан жана 20 жашар кыздарды атаандаш катары көрүүдөн коркпоңуздар. Кантсе да азыр айымдар жыл өткөн сайын сулуу болушат. Мисалы, дүйнөнүн алдыңкы моделдерин же биздин деле актрисаларды карагыла. 35 жаштан кийин алар алда канча сулуу болушкан.

Дагы бир кызыктуу факт. Эң сулуу аялдардын тизмесинде барган сайын кара түстөгү сулуулар көбүрөөк боло баштады (болжол менен 30%).

Демек, сулуу эмес же кары аялдар болбойт, сулуулугун түшүнө электер гана болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер