Мектеп ачкан киши түрмөнү жапкан болот

Эмнени гана окубагын өзүң үчүн окуйсуң.
(Петроний)
Билимдин саны эмес, сапаты маанилүү. Көп нерсени билгениң менен эң маанилүүсүн билбей калышың мүмкүн.
(Лев Толстой)
Жакшы окутуучу болуш үчүн өзүң окуткан сабагыңды, анан сабак берген адамдарыңды сүйүшүң керек.
(Василий Ключевский)
Ынтаасы жок окуучу канаты жок куш сыяктуу.
(Саади)
Өкүнүчтүү жери, биз турмуш үчүн эмес, мектеп үчүн окуйбуз.
(Луций Анней Сенака)
Көптү билгендердин көбүнүн акылы жок.
(Демокрит)
Бактысыздык мектеби – эң мыкты мектеп.
(Виссарион Белинский)
Эмнени гана окутпагын, кыска кылып түшүндүр.
(Гораций)
Мектеп ачкан киши түрмөнү жапкан болот.
(Виктор Гюго)
Өкүнүчтүү жери, мектеп даанышмандык бербей, билим гана берет.
(Гай Берт)
Мектеп билимди билим алгысы келгендерге гана берет.
(Сергей Скотников)
Мен мектепти жаман көргөн себебим, кичинекей бала биринчи жолу ушул жерден мамлекет менен кездешет.
(Евгений Гришковец)
Мектеп – окутат, турмуш – тарбиялайт.
(Юрий Рыбников)
Кээ бир кишилер мектепти ушунчалык жакшы көргөндүктөн, анда өмүр бою калгылары келишет. Дал ошондой кишилерден илимпоздор чыгат.
(Х.Штейнхаус)
Элди билимдүү кылыш үчүн үч нерсе керек: мектеп, мектеп жана мектеп.
(Лев Толстой)
Эмне үчүн балдар акылдуу да, ал эми ата-энелер анчалык акылдуу эмес? Себеби, балдар мектепке барышат.
(Александр Дюма)
Билимди сиңириш үчүн аны ырахаттануу менен жеш керек.
(Анатоль Франс)
Турмуш мектебинде класстан кала албагының кандай өкүнүчтүү...
(Яна Джангирова)
Эки жерде эки мектепте гана төрт болот. Ал эми турмушта болсо ар кимдики ар кандай.
(Виктор Власов)
Адам окубай калганда картая баштайт.
(Александр Зиновьев)
Аалымдын үйүндөгү мышыгы да билимдүү болот.
(Индия накылы)
Эчтеке сурабаган киши эчтеке үйрөнбөйт.
(Томас Фуллер)
Окуган менен жазганды үйрөнөм деп ырдаган менен бийлегенди үйрөнүп чыктым.
(Орус макалы)
Тырмооч – келесоолорду акылына киргизе турган эң сонун окуу куралы.
(Петр Квятковский)
Икона деле, күрөк деле бир эле дарактан жасалат.
(Орус макалы)
Илимпоздор деле адегенде окуучу болушкан.
(Джеймс Джойс)
Бирөөнү окутсаң, ошондо өзүң да түшүнөсүң.
(Орус макалы)
Ойлонбой туруп окугандын пайдасы жок. Окубай туруп ойлонгон болсо кооптуу.
(Эрик-Эмманюэль Шмитт)
Өзүң окуганга эч качан кеч эмес. Бирөөнү окутканга гана кеч болот.
(Владимир Драган)
Атүгүл куш да баласын учканга үйрөтөт.
(Орус макалы)
Жаман нерселерди биз мугалими жок деле үйрөнүп алабыз.
(Владимир Назаров)
Апам “дүйнөдөгү бир да кыз ал үчүн окууну таштап салганга арзыбайт” деп айтчу.
(Гиом Мюссо)