Биз опуртал мезгилде жашап жатабыз. Адамдар тамакты көп жеп, китепти аз окуп калышты
Мурда китепти жазуучулар жазып, окурман окучу эле. Азыр окурман жазат, эч ким окубайт.
(Оскар Уайлд)
Китеп өрттөлгөн жерде адамды деле өрттөшөт.
(Генрих Гейне)
Кээ бир кишилер атүгүл тыюу салынган китептерди да окушпайт.
(Лоренс Питер)
Сен кандай адам болуп жетилериң эки факторго: ким менен сүйлөшкөнүңө жана кандай китептерди окуганыңа байланыштуу болот.
(Робин Шарма)
Биз опуртал мезгилде жашап жатабыз. Адамдар тамакты көп жеп, китепти аз окуп калышты.
(Григорий Горин)
Китеп – арактын ордун алмаштыра турган эң сонун каражат.
(Сергей Лукьяненко)
Автор китептин жарымын гана жазат. Ал эми калган жарымын болсо окурман жазат.
(Джозеф Конрад)
Угармандын кулагына караганда, окурмандын көзү көбүрөөк сынчы келет.
(Вольтер)
Кээ бир окурмандар губкага окшош: сууну гана жакшы сорушат.
(Леонид Леонидов)
Адамдар белекке берилген китепти дээрлик окушпайт.
(Сэмюэл Джонсон)
Китепканада отурган кандай ырахат! Китепти карап тургандын өзү бакыт.
(Чарльз Лэм)
Китеп аялыңдай эле нерсе, аны эң жакын досуңа да бербешиң керек.
(Н.Лесков)
Китеп окуу Дон Кихотту рыцарга айлантты, ал эми окугандарына ишенип алуу аны келесоого айлантты.
(Бернард Шоу)
Өзүңөрдүн китебиңерди эч кимге бербегиле, кайра алалбай каласыңар. Менин китепканамда мен башкалардан окуганга сурап алган китептер гана калды.
(Анотоль Франс)
Эгер поэзия да дарактагы жалбырак сымал табигый түрдө жаралбаса, анда жаралбай эле койгону оң.
(Роберт Китс)
Живопись – бул көз менен көргөн поэзия, ал эми поэзия болсо кулак менен уккан живопись.
(Леонардо да Винчи)
Чынчыл, ак көңүл болуш кандай кыйын болсо, жөнөкөй, түшүнүктүү жазуу да ошондой эле кыйын.
(Сомерсет Моэм)
Автор тирүү кезинде биз ага жаман китептери боюнча баа беребиз, ал өлгөн кезде жакшы китептери боюнча баа беребиз.
(Джонсон Сэмюэл)
Менин китептерим – суу, кеменгерлердин китептери – шарап. Сууну ар бир адам ичет.
(Марк Твен)
Эгер бир теманы эки жолу жазсаң, аргасыздан өзүңө өзүң каршы сүйлөй баштайсың.
(Джонсон Сэмюэл)
Эгер китеп болбогондо мен эчак чүнчүп кетмекмин.
(Артур Шопенгауэр)
Кээ бир романдар ушунчалык керемет, аны басып чыгаргың да келбей кетет.
(Бернард Шоу)
Китеп окууга киришерден мурда, келгиле, өзүбүздү өзүбүз окуганга аракет кылып көрбөйлүбү.
(Жалалиддин Руми)
Китеп – бул мукабаланган кишилер.
(Александр Пушкин)
Китеп биздин ичибизде тоңуп калган деңиздин музун талкалай турган балта болууга тийиш.
(Франс Кафка)
Окурмандын баарына тең жаккан чыгарма жазуу дегеле мүмкүн эмес.
(Мигель де Сервантес)
Басма сөздү ооздуктоо – бул улутту кордогондук. Тигил же бул китепти окууга тыюу салуу – бул элди же келесоо, же кул деп ойлогондук.
(Клод А.Гельвеций)
Эгерде сенин багың менен китепканаң бар болсо, анда сага керектүү нерсенин баары бар экен.
(Марк Туллий Цицерон)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити