Убакыт кайра сени өлтүрөт. Ошондуктан мезгилди баалай бил!
Биз азыр планетадагы эң жумушу чачтан көп, убактысы тар муун өкүлдөрүнө киребиз. Бирок өзүңдүн бир күндүк жашооңду карап көрчү... Жыйынтыгын, жемишин бере турган ишке арнап убактыбызды коротуп жатабызбы же жокпу – биз муну билишибиз керек.
Тасма сюжеттеринде америкалык актёр Майкл Лендер өлүм алдында турганда душманына буларды айткан: “Биздин жашообуз башталып жатканда эртең өлөрүбүздү айтышкан. Кимдир бирөө эрте, кимдир бирөө кеч өз ажалына жолугат. Атайын өмүрүн кыскарткан, атайын өлүмгө учураган адамдар да жок эмес. Биз ар мүнөтүбүздү акыркы мүнөттөй, өлүм алдында тургандай баалашыбыз керек!” деген.
Ар убак өзүңдү жакшыртууга, өнүктүрүүгө убакыт тап. Сенин убактың жарык дүйнөдөгү баардык нерселерден баалуу. Бул жашыруун эмес. Бирок бүгүнкү күнүңдү кандай өткөрүп жатканың баарынан маанилүү.
Убактыңды өлтүрө бербе. Ал нерсе кайра айланып келет. Убакыт кайра сени өлтүрөт. Ошондуктан убактыңды баалай бил!
Сага балким оор болор, бирок айланаңды ар убак ийгиликтүү адамдар курчоосуна айландыр!
Сен эми чоң ийгиликтерди жаратасың. Анткени сен убактыңды баалаганды үйрөндүң! Бүгүндөн баштап чоң иштерге кадам ташта!