Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балаңдын ой өрүшүн кеңейтүүнүн көп жолдору бар. Алардын ичинен эң мыктысы – ага китеп окуганды үйрөтүү

Балаңдын ой өрүшүн кеңейтүүнүн көп жолдору бар. Алардын ичинен эң мыктысы – ага китеп окуганды үйрөтүү

13-февраль, 19:30
357 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Китептеримди калтыр. Менин болгон байлыгым ушул.

(Франц Кафка)


Китеп окууну өнөкөт кылуу менен сиз турмуштун баардык азап-тозокторунан коргоочу сепил куруп алган болосуз. 

(Сомерсет Моэм)


Китеп – бул самолет, поезд, жол дагы. Ал барчу жериң, сапарың дагы. Китеп – үйүң дагы. 

(Анна Квиндлен)


Китеп – бул мезгил деңизине орнотулган маяк. 

(Е.П.Уиппл)


Китеп – эң ишенимдүү дос, эң туруктуу, эң даанышман кеңешчи, эң сабырдуу мугалим. 

(Чарльз Уильям Элиот)


Балдар өздөрүнүн ата-энелеринин тизесинде окурманга айланышат. 

(Эмили Бухвальд)


Китепсиз үй жаны жок денеге окшош. 

(Марк Туллий Цицерон)


Мен өзүмдүн китептеримдеги магияга ишенбейм. Бирок, жакшы китеп окуганда керемет, сыйкыруу нерселер жараларына ишенем. 

(Джоан Роулинг)


Балаңа китеп окуганды үйрөтүү менен сен ага өмүрүндөгү эң мыкты белек тартуулаган болосуң. 

(С.Лупан)


Эгер сен элдин баары окуган китепти гана окусаң, элдин баары ойлонгон нерсени гана ойлоносуң. 

(Харуки Мураками)


Мен али окуй элек китепти берген киши – менин эң жакын досум. 

(Авраам Линкольн)


Окурмандардын баары эле лидер эмес, бирок лидерлердин баары окурман. 

(Гарри С.Трумэн)


Жакшы китеп окубаган кишинин китеп окуй албаган кишиден эч айырмасы жок. 

(Марк Твен)


Балаңдын ой өрүшүн кеңейтүүнүн көп жолдору бар. Алардын ичинен эң мыктысы – ага китеп окуганды үйрөтүү

(Жаклин Кеннеди)


Китеп окубаган кишиге эч качан ишенбе. 

(Лемони Сникет)


Кимдир бирөөгө китеп берүү менен сен ага жөн гана кагаз, сыя, клей бербестен, жаңы жашоо тартуулаган болосуң. 

(Кристофер Морли)


Китеп басып чыгарган киши бул ишти китепти сүйгөнүнөн эмес, акчаны жакшы көргөнүнөн улам жасайт. 

(Бауржан Тойшибеков)


Китепти көп окуш керек, бирок баарын эмес. 

(Публий Корнелий Тацит)


Эгер мен өзүм жөнүндө китеп жазсам, бул даттануу китеби болмок. 

(Фаина Раневская)


Эгер сен өзүңө эч качан урабас эстелик тургузгуң келсе, анда жакшы китеп жаз. 

(Пьер Буаст)


Эгер менин китебим начарыраак болгондо мени Голливудга чакырышмак эмес. А эгер жакшыраак болгондо мен өзүм ал жакка барбайт болчумун. 

(Раймонд Чандлер)


Нукура роман кыска болбошу керек. 

(Филипп Леонидов)


Китепти канча көп окусаң да баары бир император боло албайсың. 

(Мао Цзедун)


Маданияттуу кишилер “Согуш жана тынчтык” романын окушат, ал эми цивилдүү кишилер болсо “Согуш жана тынчтык” романынын негизинде тартылган тасманы көрүшөт. 

(Бауржан Тойшибеков)


Эгер китеп сексен пайыз чындык болсо, демек, ал жүз пайыз калп. 

(Жан Ростан)


Мыйзамдар бир күнү өлөт, китеп болсо эч качан өлбөйт. 

(Эдвард Джордж Булвер- Литтон)


Эгер автору башка киши болгондо бул романды гениалдуу деп айтмакпыз. 

(Валерий Афонченко)


Оңой сатылчу китеп жазыш үчүн оңой сатылчу мээ болуш керек. 

(Олдос Леонард Хаксли)


Азыркы окурмандар аудиториясынын 90 пайызын бири-биринин чыгармаларын окуган жазуучулар, калган 10 пайызын алардын туугандары менен достору түзүшөт. 

(Бауржан Тойшибеков)


Эки жолу окуганга жарабаган китепти бир жолу деле окуштун кереги жок. 

(Карл Юлиус Вебер)


Телефон справочнигине окшогон китептер болот – ичи толтура факт, бир да ой жок. 

(Дмитрий Аркадин)


Китеп күзгү сыяктуу: эгер андан эшек каранса, периште көрүнөт деп күтпөш керек. 

(Георг Кристоф Лихтенберг)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер