Сүйүү эң жаман оору, ал дароо эки кишини тең төшөккө жыгат...
Көп сүйлөгөн – карылыктын оорусу.
(Бен Джонсон)
Эгер уктаганда эс алып калсаң, ооруң анчалык деле коркунучтуу эмес экен.
(Гиппократ)
Тамак канчалык көп болсо, оору да ошончолук көп болот.
(Бенджамин Франклин)
Картаң падышаны оорусу башкарат.
(Аркадий Давидович)
Согуш – оору. Тиф сыяктуу эле оору.
(Антуан де Сент-Экзюпери)
Чарчагандан пайда болгон оору эс алуу менен, бекерчиликтен пайда болгон оору эмгек менен айыгат.
(Гиппократ)
Ишеним жана эрк менен ар кандай ооруну жеңсе болот.
(Парацельс)
Миңдеген оору бар, ден соолук болсо бирөө эле.
(Карл Людвиг Берне)
Жалкоо кишиге оору майрам сыяктуу сезилет.
(Антифод Рамнунтский)
Мен сенин дарың болсом, сен менин оорум болдуң. Мен сени куткарсам, сен мени өлтүрдүң.
(Анна Тод)
Жаш врач ар бир ооруга жыйырмадан дары жазып берсе, картаң врач жыйырма ооруга бир дары жазат.
(Сэр Уильям Ослер)
Мага “оорудум” деп даттанып келбегиле. Өкмөттө оорулуу кишилер ансыз деле толтура.
(Александр Лукашенко)
Ар бир врачтын өзүнүн жакшы көргөн оорусу болот.
(Генри Филдинг)
Ачкөздүк байлардын эмес, жаңыдан байый баштагандардын оорусу.
(Николай Пащенко)
Бир көргөндө эле сүйүп калуу – көздүн эң көп тараган оорусу.
(Джино Черви)
Оору – бул организмдин биздин жаман жүрүм-турумубузга карата жасаган реакциясы.
(Леонид Сухоруков)
Оорулуунун абалы түздөн-түз анын каржылык абалынан көз каранды.
(Ефим Шпигель)
Адам өзүнүн оору тарыхын өзү жазат.
(Иван Иванюк)
Ден соолуктан кымбат нерсе барбы? Бар. Ал – дарылоо.
(Михаил Жванецкий)
Ооруп калсаң Кудайга шүгүр келтир. Ооруга да алкыш айт.
(Валерий Синельников)
Оору – бул мезгилинен эрте келген карылык.
(Александр Поуп)
Окшош ооруга кабылган кишилер гана бири-бирин жакшы түшүнүшөт.
(Франс Кафка)
Адамдын денеси да, жандүйнөсү да ооруган кезде ал аргасыздан акын боло баштайт.
(Халлдор Накснесс)
Сүйүү – бул ар бир адам жуктуруп алгысы келген дүйнөдөгү жападан жалгыз оору.
(Филип Рот)
Врач бейтапка боору ооруса жакшы дарылайт, бейтап мындай мамилени сезсе бат айыгат.
(Эдуард Севрус)
Врач ооруну айыктырат, ден соолукка болсо сен өзүң кам көрүшүң керек.
(Николай Амосов)
Бирөөлөрдүн ден соолугу үчүн иче берип, өзүм ооруп калдым.
(Еврей накылы)
Сүйүү эң жаман оору, ал дароо эки кишини тең төшөккө жыгат...
(Роберт Лембке)
Эч качан бөлмөсүндөгү гүлдөрү соолуп калган врачка жардам сурап барбагыла.
(Эрма Бомбек)
Улуу актёрлор оорудан да, карылыктан да өлбөйт. Эч ким кол чаппай калганда өзүнөн-өзү жок болуп кетишет.
(Альфонс Доде)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити