Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Вавилондогу эң бай адам” китебинен үзүндүлөр

“Вавилондогу эң бай адам” китебинен үзүндүлөр

08-февраль, 19:24
184 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мага кирешенин ишенимдүү булагы керек. Мен кайда, эмне кылып жүрсөм да, алыскы өлкөлөргө саякаттасам да, менин капчыгымды толтуруп турар киреше керек!

***

Менин иштеп тапканымдын бир бөлүгү мага гана таандык.

***

Өзүңөргө келечектеги кирешени камсыздагыла. Улгайган адамдарга абай салып, силер да жылдар өткөндө ушундай кары боло турганыңарды унутпагыла. Ошондуктан байлыгыңарды этияттап, жоготуп албагандай иштеткиле.

***

Өз үй-бүлөңөрдүн силер аркы дүйнөгө кеткенде да бакубат жашоосуна шарт түзгүлө. Бул максатта да акча топтогула. Алысты көрө билген адамдын мындай кырдаалдарга да каражаттары алдын ала караштырылат.

***

Эгер адамдын иши жүрүшсө, баардык жагынан алга жылат. Аны Евфраттын суусуна салып жиберсең да колуна бермет уучтай чыгат.

***

Ийгилик мүмкүнчүлүктү пайдаланган адамды тандайт.

***

Улуу даражалуу ийгилик эмгекчил адамды жактырат.

***

Эгер чечкиндүү болсоң, максатыңа жетесиң.

***

Биринчиден, мен өзүмдүн кийинки жакшы жашоом жөнүндө ойлонушум керек. Ошондуктан иштеп тапканымдын ондон бир бөлүгүн өзүм үчүн катып коём. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер