Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эшигиңди кедей-кембагалдарга ачпасаң, врачка ачууга туура келет

Эшигиңди кедей-кембагалдарга ачпасаң, врачка ачууга туура келет

01-февраль, 19:30
321 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сенин айыгышыңды майрам күткөндөй күтүп аткан кишилер бар экенин ойлогондо, ооруган да жагымдуу сезилип кетет.

(Антон Чехов)


Адам көп себептерден улам ооруйт: бирөө суук тийип ооруса, бирөө чарчагандан, кайгыргандан сыркоолойт.

(Конфуций)


Бул күндөлүк эмес, оорумдун тарыхы.

(Михаил Булгаков)


Мен өлгөндө мүрзөмө “ооруп атам деп айттым беле силерге?” деп жазып койгула.

(Том Уэйтс)


Мезгил баарын айыктырат деп коюшат. Мезгилдин өзү оору болсочу?

(“Берлиндин асманы” тасмасынан)


Кээ бир ооруларды өзүнө айтпай туруп дарылаш керек. Көп кишилер өзүнүн оорусун билген үчүн эле өлүп кетишти.

(Луций Анней Сенека)


Эч нерсени алдын ала билүүгө болбойт. Кээде оорукчан киши соо кишиге караганда көбүрөөк жашашы мүмкүн. Жашоо өтө таңгалычтуу нерсе.

(Эрих Мария Ремарк)


Сен катуу ооруганда сага эмес, сени жакшы көргөндөргө кыйын болот.

(Уэйд Уилсон)


Көп ооруган киши өзү врач болуп калат.

(Кытай накылы)


Өзүңдү соо сезген оору – эң коркунучтуу оору.

(Лорен Оливер)


Оорулардын рыногусуз дарылардын рыногу да болмок эмес. Врачтар “эч кимге айтпайбыз” деп ант беришкен Гиппократтын сыры ушул.

(Виктор Плевин)


Биздин планетабыз оорукчан, ага өтө татаал операция керек.

(Элис Сиболд)


Адам ооруну тандабайт, бирок ал стрессти тандайт. Стресс болсо ооруну тандайт.

(Ирвин Ялом)


Өлүм менен оору бизди жашоону баалоого үйрөтөт.

(Эльчин Сафарли)


Эч качан оорубаган киши ден соолуктун баркына жетпейт.

(Башкыр макалы)


Кызганыч да оору сыяктуу – кечинде күчөйт.

(Поль Лотан)


Кээ бир дарылар оорунун өзүнөн да кооптуу.

(Саймон Грин)


Адамда да, мамлекетте дагы баштан башталган оору жаман.

(Кенже Плиний)


Врач дарылайт, жаратылыш айыктырат.

(Гиппократ)


Оору болуп турганда коркуу гана эмес үмүт да болот.

(Сэмюэль Батлер)


Эшигиңди кедей-кембагалдарга ачпасаң, врачка ачууга туура келет.

(Еврей накылы)


Оору же жетишпегендиктен, же өтө эле көптүктөн, башкача айтканда, тең салмактуулук бузулгандан улам пайда болот.

(Гиппократ)


Денеңе кулак сал, ал дайыма чындыкты айтат.

(Мария Фариса)


Сокур кишинин ар бир күнү кыямат.

(Өзбек накылы)


Таарынычтан айыксаң, оорудан да айыгасың.

(Бахтыяр Мэлик оглы Мамедов)


Биз ооругандын өзүнө караганда, аны айыктырам деп көбүрөөк азап тартабыз.

(Жан-Жак Русссо)


Дарыны ооруп айыккан кишиден сура.

(Грузин накылы)


Сүйүү менен чуманын симптомдору окшош болот.

(Габриэль Гарсиа Маркес)


Бир оору менен ооруган киши башка оору менен ооруган кишиге көз артат.

(Япон накылы)


Врач рак экенимди айткан күнү мен эки кило салмак жоготтум. Ыйлап атып эле эки кило таштап салыптырмын.

(Франко Арминио)


Нерв – бул сенин күнөөлөрүң. Күнөө иштериңди таштасаң нерв оорулары өзүнөн өзү жоголот.

(Схиигумен Савва)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер