Эркектер кандай аялдарга үйлөнбөйт?
Педагог аял. Эр азаматка акыл айтып, үйрөтүүгө аракет кылган аялдар алгач камкорчу болуп көрүнүүсү мүмкүн. Бирок эркектер мындай «салттан» бат эле тажашат.
Сезим менен ойногон аял. Жигиттер сезим менен ойногон аялдардын кылыгын көтөрө беришпейт.
Эркекти өзгөртүүгө тырышкан аял. Эркектер өздөрүн болгон кыял-жоругу менен кабылдагысы келбеген аялдарга үйлөнүүдөн качышат. Мындай адат үйдө тез-тез уруштун чыгуусуна алып келет.
Кызганчаак жана ишенбеген аял. Аял киши себепсиз кызгана берсе жана күйөөсүнө ишенбеген болсо, мамиле бара-бара муздай берет. Ошол себептен эркектер мындай аялдар менен өмүрүн байланыштыргысы келбейт.
Өзүн толугу менен күйөөсүнө арнаган аял. Жигиттер камкордукту, мээримдүүлүктү каалашканы менен өзүн унутуп койгон аялдарды каалашпайт. Алар аялдардын өздөрүнүн жеке кызыгуусунун болгонун каалашат.
Баардыгын энеси менен акылдашкан аял. Эркектер үй-бүлөсүндө болгон жагдайдын баардыгын энеси менен талкуулаган аялдарды жактырышпайт. Кайненеси анын үй-бүлөсүнүн ички ишине аралашканын эч бир эркек жактырбайт.
Ушакчы аял. Эркектер ар дайым өзгөлөрдү сөз кылып, сыртынан ушак айтып отурган кыз-келиндерди жар кылууга ашыгышпайт.
Ар дайым арыктоо үчүн диета кармаган аял. Эркектер дайыма даамдуу тамак жегенди жана тоюп тамактанганды жакшы көрүшөт. Ал эми дасторкон башында отуруп алып, диета кармап жатканын айтып отурган аял аларга такыр жакпайт.
"Азия Ньюс" гезити