Акылдуу аялдардан коркпой эле койгула, алар сүйгөн кезде анчалык акылдуу болбой калышат
Аялдар гана мезгилди убактылуу токтото алышат.
(Юзеф Булатович)
Кээде ханыша ажыдаарды өлтүрүп, ханзаданы сактап калган учурлар болот.
(Сэмюэль Лоу)
Акылдуу аялдардан коркпой эле койгула, алар сүйгөн кезде анчалык акылдуу болбой калышат.
(Пенелопа Круз)
Аялдар өздөрүн жарадар кылган бычактын мизин сылап-сыйпаганды жакшы көрүшөт.
(Клапка Джером)
Кудайдан кийин биз аялдардын алдында карыздарбыз: алар бизге адегенде өмүр тартуулап, анан жашообузга маңыз беришет.
(Кристиан Нестел Боуви)
Аялдар эркектин бардык нерсесин тартып алышат. Атүгүл фамилиясын да.
(Белгисиз автор)
Аялдарды жакшы билгендер эркектерге боору ооруйт, бирок эркектерди жакшы билгендер аялдарды кечирет.
(Альбер Турнье)
Мен жакшы кезде аябай жакшымын, бирок, жаман кезде андан да жакшы болуп кетем.
(Мэй Уэст)
Эгер аялың машина минем десе, анын жолуна турба.
(Стан Левинсон)
Аялдар бири-биринен сары чач, же кара чачтуу болуп гана айырмаланат.
(Александр Поп)
Аялды кооздой алган эркек аны тизгиндей да алат.
(Валерий Афонченко)
Аялзаты адагенде бала төрөйт, андан кийин гана өбүшкөндү үйрөнөт.
(Иван Иванюк)
Көйнөктүн бир түрү аялдын фигурасын көрсөтсө, бир түрү анын байлыгын көрсөтөт.
(Тамара Клейман)
Аялдын гранатадан айырмасы – аял адегенде жарылат, ошондон кийин гана аны ыргытасың.
(Валентин Домиль)
Аял унчукпай калышы үчүн эркек эмгек сиңириши керек.
(Тамар Клейман)
Сулуу аял үй тириликке жарабайт.
(Магдалена Самозванец)
Аялдар, чычкандан эмес, мышыктан корккула!
(Ионанна Вилинская)
Аялдын жүрөгү аябай сезимтал. Ал оюңда өөп жатсаң да сезип коёт.
(Виктор Коняхин)
Орфографияны жакшы билген кыздар өтө кыска юбка кийишпейт.
(Янина Ипохорская)
Эгер аял сени жек көрсө, демек, ал сени сүйгөн, сүйөт, кийин деле сүйө берет.
(Немис накылы)
Акылдуу аял эркекти чүпүрөккө айлантса да модалуу чүпүрөккө айланат.
(Леонид С.Сухоруков)
Кудай аялзатына ажайып денени бирген, бирок анын оозунда шайтан бар.
(Эрнст Хейне)
Эмнегедир эки аял жалгыз калышса эле корко берем. Анын бирөө менин аялым болсо ого бетер корком.
(Сергей Довлатов)
Аял менен акчанын айырмасы деле жок: экөөнү тең табыш кыйын, жоготуш оңой.
(Веселин Георгиев)
Аялдар үч учурда диетага отурат: күйөөсү таштап кетсе, кайсы бир эркекти жактырып калышса, же бүгүн дүйшөмбү болсо.
(Екатерина Филимонова)
Аялдар келечеги кең эркекти издешсе, эркектер өтмүшү аз аялды издешет.
(Константин Мелихан)
Куник аялдар эркектер тууралуу сулуу аялдарга караганда да көбүрөөк билишет.
(Кэтрин Хепберн)
Аялдарга атүгүл тозокто да күзгү керек болот.
(Бауржан Тойшибеков)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити