Эгер эркек аялды “жеңдим” деп ойлосо, ал жөн гана келесоо, эчак эле утулуп калганын билбейт да
Аялзаты канчалык көп иштебесин, ал бекерпоз сыяктуу супсулуу болуп турушу керек.
(Мерилин Монро)
Аялзаты акылдуу эмес, даанышман болууга тийиш.
(Александр Калягин)
Эгер эркек аялды “жеңдим” деп ойлосо, ал жөн гана келесоо, эчак эле утулуп калганын билбейт да.
(Гари Олдмен, актёр)
Ийгиликке жетишем десе, аялзаты ханышадай болушу керек. Ханыша жеңилип калгандан, анан башка бирөөлөрдүн өмүрүн курмандыкка чалгандан коркпойт.
(Опра Уинфри, теле алып баруучу)
Аялдар адегенде тең укуктуулук үчүн күрөшүштү, анан анысын унутуп калып, өз көйнөгүн кыска кылуу үчүн күрөшө башташты.
(Пинк, ырчы)
Сенин ыйлап атканыңды эч ким көрбөшү керек. Ыйлаган – алсыздыктын белгиси, эркектер аны жакшы көргөн менен кечиришпейт.
(Хелен Миррен, актриса)
Мен аялмын, мен ушуга сүйүнөм.
(Мерилин Монро)
Эгер эркек эркектей болсо, аял да аялдай болот.
(Имам Шамиль)
Даанышман аял күйөөсүн эмес, өзүн оңдоого аракет кылат.
(Конфуций)
Эркектин баары бирдей. Аялдар аларды ажырата билсин үчүн өңдөрү гана ар башка.
(Мерилин Монро)
Көп аялды сүйгөн – аялдын даамын билет, бир аялды сүйгөн – сүйүүнүн даамын билет.
(Зигмунд Фрейд)
Аялдар башка аялдар менен атаандашыш үчүн кийинет деп айтышат. Бул чындык. Бирок, эркектер болбосо алар дегеле кийинишмек эмес.
(Коко Шанель)
Балдар, аялдар, анан эл менен талашып-тартышпа.
(Пифагор)
Чыныгы аял толкунданбайт, толкундантат.
(Марлен Дитрих)
Бачабаздардын болгонуна шүгүр. Бизге аялдар көбүрөөк артат.
(Диего Мародона)
Өзүнөн өзү үнөмдөгөн аял эркектерде бир гана нерсени – “ушул аялдан үнөмдөсөм” деген каалоону пайда кылат.
(Эрих Мария Ремарк)
Мага аялдарды конокко чакырганга караганда, алардыкына мейманчылап барган көбүрөөк жагат. Себеби, каалаган учурда кетип калсаң болот.
(Чарльз Буковски)
Эркек кишиге билим бергениң – бул адамга билим бергениң. Аялга билим бергениң – бүтүндөй муунга билим бергениң.
(Бригам Янг)
Аялдар чындап эле келесоо болот, ага эркектер гана чыдайт.
(Франсуаза Саган)
Бир да аял эч качан “жетет” деп айтпайт. Төшөктө, дасторкондо да, дүкөндө дагы...
(Владимир Вольфович Жириновский)
Бай эркек – сулуу аял сыяктуу эле.
(Анита Лус)
Эгер сен эркек болсоң аялды сүй, аял болсоң эркекти сүй.
(Саша Чёрный)
Бойдоктор аялдарды үйлөнгөндөргө караганда жакшыраак билишет, эгер билишпегенде алар да үйлөнүп алышмак.
(Генри Луис Менкен)
Генийликтин бир белгиси – анын китептери аялдарга жакпайт.
(Джордж Оруэлл)
Мен ишенем, мага үйлөнгөн жигит жер жүзүндөгү эң мыкты аялга ээ болот.
(Арета Франклин)
Күчтүү аялдар чабал эркектерге гана турмушка чыгышат.
(Бетт Дэвис (Рут Элизабет Дэвис))
Мен сакалы бар эркектерге, анан чачы узун аялдарга ишенем.
(Зигмунд Фрейд)
Аялдар бизди шедевр жаратканга шыктандырат, бирок аны ишке ашырганга жолтоо болушат.
(Оскар Уайльд)
Унчукпаган аялдар сулуу көрүнөт.
(Гомер)
Аялдын акылы дайыма жүрөгүнө баш ийсе, эркектин жүрөгү дайыма акылына баш ийет.
(Маргарита Блессингтон)
Эгер атаандашын сайыш керек болсо аял ийнени үймөк чөптүн арасынан да издеп табат.
(Юзеф Булатович)
Эгер аялдардын баары периште болгондо, дегеле атеисттер болмок эмес.
(Джахангир Абдуллаев)
Эгер албаниялык аял жети бала төрөп, ал эми сербиялык аял жети аборт жасаткан болсо, анда бул жер сербдерге эмес, албандарга керек экен.
(Патриарх Сербский Павел)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити