Адамга чогулган тескери энергиядан кантип кутулса болот?


Азыркы заманбап дүйнөдө айланадагы негативдүү энергиядан адам четте калбайт, айрыкча жашоодогу чыңалган абалды эске алганда. Көпчүлүк адамдар стресстен жана күнү бою топтолгон тескери энергиядан кандай кутулууну билбейт. Дегеле тескери энергия деген эмне жана андан кантип кутулса болот?
Адамда тескери энергия көп топтолуп алганда, анын иши жүрүшпөй каларын психологдор да, энергетика менен иштеген адистер дагы баса белгилеп келишет.
Адистер эң эле пайдалуусу – бул Кудайдан дуба кылып, сүкүт салуу жана намаз окуу экенин белгилешкен. Анткени дуба кылып сыйынып жатканда адамдын мээсинин магниттик талаасынын жыштыгы башкача болуп өзгөрүп, тынчтануу, канааттануу пайда болот. Мындай жол менен топтолуп калган терс энергиядан арылуу оңой. Бирок андай кылууга шартыңыз болбой же динден алыс адам болсоңуз, эң эле натыйжалуусу – шар аккан суунун боюна барып тазалануу. Бул үчүн жээкте туруп агымдан көз албай карап туруу кажет. Бул мезгилде жакшы нерсени гана ойлонуп, жаман нерсенин баарын суу менен агызып жаткандай элестетүү зарыл.











