Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кургатылган өрүктүн пайдасы кандай?

Кургатылган өрүктүн пайдасы кандай?

20-ноябрь, 23:18
547 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кактарга ууланбайсыз. Алар абдан таттуу жана тоюмдуу болот, курамында шекердин ордуна глюкоза менен фруктоза бар. Организмге пайда алып келүү үчүн көп жештин кереги жок. Мисалы, күнүнө 5-6 даана кара өрүктүн кагы чың ден соолук үчүн толук жетиштүү.

Кактарда көп өлчөмдөгү пайдалуу заттар бар: В витамини, натрий, магний, калий, темир, йод. Күнүнө 5-6 даанадан желген как иммунитетти көтөрөт, чачтын, теринин абалын жакшыртат.

-- тамак-аш сиңирүүдө пайдалуу;

-- стресстен сактайт жана аз кандуулуктун алдын алат;

-- курамындагы А витамини тери ооруларын дарылоодо оң таасир берет.

Кырк жаштан ашкан аялдардын организминде эстроген азаят. Эстроген азайганда, көңүлү эч нерсеге чаппай, маанайы чөгөт. Мындай учурда адам (көбүнчө аялдар) күнүгө беш-алтыдан кургатылган өрүк жеп турса, ошол жок болгон эстрогендин ордун толуктайт.

Кургатылган өрүктүн кайсы органдарга кандай пайда берерине кененирээк токтолсок:

Өрүк адамдын жумушка болгон жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Курамындагы витаминдер менен микро элементтер аз кандуулукту жана кальцийге болгон жетишсиздикти жок кылат. Тамак сиңирүүнү жөндөйт. Ашказанды, боордун жана өттүн иштешин жакшыртат. Денедеги шлактарды чыгарат. Өрүктө калий витамини бар. Калий – жүрөк кан тамыр оорулары үчүн табылгыс азык. Ошон үчүн өрүктү как түрүндө жесе да болот.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер