Кыздар тууралуу кызыктуу фактылар
· Кыздардын 90%ына өзүнүн мүчө-келбети жакпайт.
· Кыздар атаандаш кыздын акылына караганда, сырткы келбетине көбүрөөк баа берип, же көралбастык билдирет.
· Үч жана андан көп кыз бир жерге чогулганда, алар эркектер тууралуу аңгемелешет.
· Кыздардын көбү жакшы көргөн жигитинин каттарын, СМСтерин өчүрбөй сактап жүрүшөт.
· Эгер сиз бир кызга сөз айтуудан кооптонуп турсаңыз, ал бийкеч сизди жактырарын же жактырбасын курбу кыздарынан сурап көрүңүз. Канчалык көп курбудан сурасаңыз, ошончолук туура жооп аласыз.
· Кыздар сырты кооз болгон дептер, блокнотторду абдан жакшы көрүшөт жана бул буюм керек болбосо деле сатып ала беришет.
· Кыздын маанайы жаман болсо, абдан коркунучтуу. Аны менен сүйлөшүүгө аракет жасасаңыз, ал сизге таарынууга бир себеп табат. Эгер көңүл бурбай койсоңуз, биринчисинен да катуу таарынып калат.
· Кыздар эч себепсиз эле ыйлай алат.
· Кыздар агрессивдүү балдарды жактырат, бирок болочок жолдошу катары мээримдүүлөрдү тандайт.
· 1 килограммга толуп калуу кыздар үчүн коркунучтуу нерсе. Бир жума бою жаман маанай менен жүрөт.
· Кыздар 30 градус суукта да жука кофта кийип алышат. Аларды толук кылып көрсөтө турган калың жемпирди өлүм коркунучу алдында да кийишпейт.
· Ар бир бийкеч кожоюнун тойгуза тамактандырууну өзүнүн милдети катары эсептейт. Сиздин салмагыңыз канчалык оор болсо, алар ошончолук кубанычта болот.
· Ар бир кыз кичинесинен турмушка чыгууну кыялданат жана үйлөнүү тоюн ошондон бери пландап келишет.
· Кыздар 5 мүнөттүк жолдогу дүкөнгө дагы боёнбой чыгуудан коркушат.
· Кыздардын сүйүктүүсүнө белек тандоо процесси эки жумадан бир айга чейин созулушу мүмкүн.
"Азия Ньюс" гезити