Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балдарың акылдуу болушун кааласаң, аларга жомок окуп бер. Алар аябай акылдуу болушун кааласаң, көбүрөөк жомок окуп бер

Балдарың акылдуу болушун кааласаң, аларга жомок окуп бер. Алар аябай акылдуу болушун кааласаң, көбүрөөк жомок окуп бер

08-май, 21:30
828 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Балдарым үчүн мен жылмаям, күлөм, ар күнү ойгонуп, жашагым келет.

(Джина Ли Нолин)


Балдар улуулардын сөзүн дайыма эле укпашы мүмкүн, бирок улууларды дайыма туурашат.

(Джеймс Болдуин)


Баланы эмнени ойлогонго эмес, кантип ойлонгонго үйрөтүш керек.

(Маргарет Мид)


Балдар – бул биз келечекке жибере турган жандуу кат.

(Джон Ф.Кеннеди)


Дүйнөгө баланын көзү менен карагыла – дүйнө аябай керемет!

(Кайлаш Сатьярти)


Биз балдардын эртеңки күнү үчүн сарсанаа болобуз, бирок бүгүнкү күнү жөнүндө ойлонбойбуз.

(Стейсия Таушер)


Бактылуу үй-бүлө – бул дүйнөдөгү бейиш.

(Джон Боуринг)


Балдарың акылдуу болушун кааласаң, аларга жомок окуп бер. Алар аябай акылдуу болушун кааласаң, көбүрөөк жомок окуп бер.

(Альберт Эйнштейн)


Балдар – бул биз асманды кармай турган кол.

(Генри Уорд Бичер)


Ата-энелер балдарына калтыра турган эң мыкты мурас – бул алар күн сайын балдары үчүн бөлгөн бир нече мүнөт убакыт.

(Орландо Алоизиус Баттиста)


Кудай бизди балдарыбыз аркылуу сыйлап, алар аркылуу жазалайт.

(Елена Ваенга)


Ар бир бала бир аз, бир аз гений, ар бир гений бир аз, бир аз бала.

(Артур Шопенгауэр)


Бала болбогон киши эч качан чоңойбойт.

(Чарли Чаплин)


Дүйнөдөгү балдардын баары бир тилде ыйлашат.

(Леонид Леонов)


Сүйүү сөзсүз эле бала дегенди билдирбейт, бирок, бала сөзсүз сүйүү дегенди билдирет.

(Валерий Афонченко)


Тун бала – эң акыркы оюнчук.

(Эл накылы)


Картайганда көргөн бала – эрте жетим.

(Бенджамин Франклин)


Сен өмүр бою балаңдын эң сүйүктүү оюнчугу болосуң.

(Вики Лански)


Балалуу болбогон – кылмыш, балалуу болгон – жаза.

(Константин Мелихан)


Сен ата-энеңе кандай мамиле кылсаң, балдарың да сага ошондой мамиле кылышат.

(Фалес)


Атүгүл жирафтар да балдарын мойнуна мингизбейт.

(Константин Кушнер)


Оройдун баласы орой, ачкөздүн баласы ачкөз, жалкоонун баласы жалкоо.

(Бауржан Тойшибеков)


Биз үйдө кылган кылыгыбызды балдарыбыз көчөдө кылса, өлө уят да!

(Белгисиз автор)


Балдар – бул бейиштин ачкычы.

(Эрик Хоффер)


Балдар ата-энесине болгон карызын өзүнүн балдарына берип төлөйт. 

(Илья Николаевич Шевелев)


Баланы тарбиялыш үчүн сен өзүң адам болушуң керек, бала болушуң керек.

(Владимир Федорович Одоевский)


Энелик – факт. Аталык – пикир.

(Оскар Уайлд)


Балдар ата-энелери акылына киргенче чоңоюп кетишкендери жаман да.

(Михаил Мамчич)


Шоктонбогон бала секирбеген топ сыяктуу.

(Ашот Наданян)


Балдар тарбияны ата-энесинен карызга алып, өз балдарына беришет.

(Михаил Жванецкий)


Илгеркилер туура айтышкан: балалуу болгондо инструкциясын кошо беришпейт.

(Харлан Кобен)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер