Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Иммунитетти кантип көтөрүү керек?

Иммунитетти кантип көтөрүү керек?

06-май, 19:36
591 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бул же тигил таблетка иммунитетти сөзсүз чыңайт, оңойт” деп далилденген бир дагы изилдөөлөр жок. Ошондой болсо да сергек жашоо иммунитеттин жакшы абалда болушуна таасири чоң экендигин көрсөтөт. Сергек жашоо деген эмне? Анда эмесе анын айрым эрежелерине токтоло кетели:

1. Тамеки тарпа

Тамеки тарткан адамдын оозунда иммундук системаны талкалай турган уулануунун эң коркунучтуу булагын жаратат. 

2. Ичкилик ичпе (жок дегенде ченеми менен ич)

Көп сандаган изилдөөлөр көрсөткөндөй, алкоголь шишикке каршы иммунитетти басаңдатып, жоон ичеги менен боордун рак оорусуна чалдыгуусуна себепкер болот.

3. Жашылча-жемиштерди көп жегиле

Эгерде ичкиликти, тамекини таштасаңыз, эми жашылча-жемиштерди көп жеңиз. Болгону, бул жемиштердин өзүн гана жей бербестен, күнүмдүк жеп жүргөн тамагыбызга, этке аралаштырып жегенибиз оң.

4. Уктоо

Иммунитетти көтөрүүнүн эң мыкты, сыналган ыкмасы – бул уйкуну кандыра уктоо. Эгерде тамагыңыз тез-тез ооруса, мурдуңуз куюлуп жүрсө, демек, өз убагында уктабайсыз.

5. Спортко катышкыла

Спорт дароо бир нече багытта жардам берет. Биринчиден, спортчулар чынында эле аз оорушат, экинчиден, спортко катышкандар режимди, анын ичинде уйку режимин туура сакташат, үчүнчүдөн, семиртпейт. 

6. Салмагыңарды нормадан ашырбагыла

Ашыкча салмак иммунитетке көрүнбөгөн, бирок сезилерлик сокку уруп турат. Ресурстар сырткы күчтөр менен кармашканы аз келгенсип, организмдин өзү менен да күрөшкөнгө мажбур.

7. Сабырдуу бол

Кантип сабыр кылып, мээңерди сактап калуу жөнүндө интернеттен толгон-токой кеңештерди тапсаңыз болот. Ошондуктан ачууңуз келе баштаса, жаңы материалдардын бирин окуп тынчтаныңыз жана иммунитетти сактап калдым деп коюңуз.  

8. Инфекция жуктуруп алгандан сак болуңуз

Бул иммунитетти көтөрбөсө да, аны сактап калганга жардам кылат. Мисалы, гриппке каршы эмдөө алуу, колду самындап жууп, бөлмөнү желдетүү, тишти убагында дарылатуу, сапаты күмөн санаткан тамак-ашты сатып албоо – мына ушул нерселерди так аткаруу эле бул максатка жетүүнүн эң жөнөкөй жолдору.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер