Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көрө албастар өлөт, бирок көралбастык эч качан өлбөйт

Көрө албастар өлөт, бирок көралбастык эч качан өлбөйт

03-ноябрь, 19:16
316 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көралбастык – өзүнүн жеңилгендигин моюндоо.

(Александр Скрябин)


Көралбастык – бактылуулардын душманы.

(Эпиктет)


Көралбастык менен ачкөздүк кошуна.

(Михаил Гуцериев)


Көралбастын көчөсүндө майрам болбойт.

(Френсис Бэкон)


Өксүгү бар кишилер көралбастыкка өзгөчө жакын болушат.

(Бенедикт Спиноза)


Жек көрүү нааразылыктын активдүү түрү болсо, көралбастык пассивдүү түрү. Ошондуктан, көралбастык тез эле жек көрүүгө айланып кетсе таңгалбаш керек.

(Иоганн Вольфганг Гёте)


Адамдардын көкүрөгүндө көралбастык канчалык күчтүү болсо, тили ошончолук заар болот.

(Джулиана Вильсон)


Көралбастык башканы да кыйнайт, өзү да кыйналат.

(Публий Овидий Назон)


Ар кандай атак кооптуу: жакшы атак көралбастыкты пайда кылса, жаман атак шермендечиликке алып келет.

(Томас Фуллер) 


Баардык илдеттердин арасынан эң оболу көралбастыктан арылыш керек. Ал жүрөгүңө байкалбай кирип, ичтен жей баштайт.

(Денни Де Вито)


Суктана алган киши көралбастыктан оолак болот.

(Петр Квятковский)


Адамды үч нерсе өлтүрөт: коркуу акыл-эсти, көралбастык жүрөктү, күдүктөнүү жандүйнөнү.

(Виктория Илларионовна Угрюмова)


Жарыктын артынан көлөкө ээрчип жүргөн сыяктуу, ийгиликтин артынан да көралбастык ээрчип жүрөт.

(Лидия Николаевна Сейфуллина)


Көралбастык – кошоматчылыктын эң чынчыл формасы.

(Джон Чэртон Коллинз)


Көрө албастар өлөт, бирок көралбастык эч качан өлбөйт.

(Мольер (Жан Батист Поклен) 


Көралбастыктын көзү кыйшык, күлкүсү кытмыр.

(Принцалександр)


Келесоолуктун айынан дүйнө көралбастыкка толуп кетти.

(Джулиана Вильсон)


Көралбаса кишилерден чындыкты табыш кыйын.

(Петр Квятковский)


Эң чоң байлык – бирөөнүн байлыгына көз артпоо.

(Али ибн.Абу Талиб)


Душмандарыңды азапка салгаң келсе, дайыма күлүп жүр.

(Диоген Синопский)


Сенин артыңан сүйлөгөндөр дайыма артыңда болушкан, ошол жакта калышат.

(Филипп Киркоров)


Адамдар бири-бирин көрө алышпайт, а мен болсо тескерисинче, керемет жылдыздарга гана суктанып, ичим күйөт.

(Михаил Лермонтов)


Көралбасты эң кыйнаган нерсе – бул башкалар ага ичи күйбөгөнү.

(Мартен дю Гар)


Көралбастык жек көрүү менен ачууну пайда кылат.

(Петр Квятковский)


Көралбастыктын жакшысы, өлүмтүктүн тазасы болбойт.

(Дмитрий Емец)


Алсыз душман – биздин досубуз, көралбас дос – эң каардуу душманыбыз.

(Петр Яковлевич Чаадаев)


Бирөөгө көз артуу – өзүн андан кемчил сезүүгө жатат.

(Еврей накылы)


Сага көз арткан кишилерди жек көрбөш керек, себеби, алар сенин мыкты экениңди моюнга алып жатышпайбы.

(Моника Беллучи)


Көралбастык адам өзүн канчалык бактысыз сезерин көрсөтүп турат.

(Луций Анней Сенака)


Көралбас киши өзүн кудум душманы сыяктуу азапка салат.

(Демокрит)


Эгер сен адамдарга жаксаң, анда жакшы экенсиң. Эгер алар сени жек көрүшсө, анда мыкты экенсиң.

(Жозе Моуриньо)


Колу кыска кишилер гана чыканагын тиштейт.

(Дени Дидро)


Адегенде артыңа кылчай, ошондо сенден мурда тургандарга суктаныш керек, же керек эмес экенин билесиң.

(Александр (Лешек) Кумор)


Мамат Сабыров 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер