Жалгыз бой адамдар кантип жакшы түгөй тапса болот?
Азыркы учурда көпчүлүк адамдар өздөрүн жалгыз сезишет. Алар чыныгы сүйгөн адамга жолугуп, бактылуу болууну кыялданып коюшканы менен жашоодо жалгыз.
Психолог адистер жалгыз бой адамдардын эң башкы маселеси – отуруп алып ордунан жылбай сүйүүнү күткөнүндө (!) деп эсептешет. “Мени кимдир бирөө сүйүп калсын, андан кийин аны көрө жатам” деп ойлонушат. Ошондуктан сүйүүнү кийинкиге сактабай, учурунда аракет кылыңыз!
Эң эле биринчи кезекте өзүңүздү жалгыздыкка түрткөн себептерди аныктап чыгыңыз! Балким сиздин мүнөзүңүздө адамдар менен тил табыша албоочулук, же бала кезден калган психологиялык травма бар. Балким өзүмчүл адамсыз. Мунун баары сүйгөн адамды кездештирүүгө тоскоолдук жаратат. “Кантип оңолом?” деп сурап жатасызбы? Бул жаатта иштеген психолог адистердин мыктысын табыңыз, бир нече убакыттан кийин жашоого карата көз карашыңыз өзгөрүп, таптакыр башкача адам болуп чыга келесиз.
Чөйрөнү өзгөртүңүз, жакшы маанайда жүргөн, сизди алдыга сүрөгөн, шыктандырган адамдарга кошулуңуз. “Сыныктан башкасынын баары жугуштуу” деп коюшат кыргыздарда. Сиздин айланаңыз сиздин жашоого болгон көз карашты, адаттарды калыптандырышат.
Адамды сүйдүрө турган сапаттарга ээ болуңуз! Канчалык жакшы сапарттарыңыз көп болсо, ошончолук жогорку деңгээлдеги мырза же айым менен таанышып, ал сизди сүйүшүнө жол ачасыз.
Эң акырында айтарыбыз, эгер сүйүүнү издеп жатсаңыз, аны издегенден эч качан талбаңыз!
"Азия Ньюс" гезити