Акча үчүн эмес, аны сатып ала турган нерсе үчүн иштеңиз!
Акча – бул максат эмес, акча – бул бир нерсе сатып алууга төлөй турган кагаз. Сиз, мисалы, үлпөт көйнөгүн сатып алып жатып, кооз кийим кийүү эмес, бактылуу үй-бүлөлүк жашоону кыялданасыз. Көйнөк болсо сизди бул кыялга алып бара жаткан аксессуар гана.
Акчага дагы ушундай мамиле жасаңыз, аны алгандан кийин эмне аларыңызды ойлонуңуз. Максатыңыз жок туруп эле көп акча тууралуу кыялдана берсеңиз, ал эч качан ишке ашпайт. Акча бул сиздин каалоолоруңуздун узун тизмелерин ишке ашырууга керек болгондо гана табыла баштайт.
Акчадан коркпоңуз!
“Акчадан дагы корккон киши болмок беле?” деп жылмайып алсаңыз керек. Эгерде кымбат ресторанга баргандан кысылсаңыз, кийимдин же буюмдун баасын карап алып, “бул мен үчүн эмес” десеңиз, бул – акчадан коркконуңуздун белгиси болуп эсептелет. Жалпысынан көп акча жүргөн жерде өзүңүздүн тарелкада эмес сезе баштасаңыз, анда сизде жакырчылыктын программасы иштеп жатканынын белгиси. Андан кантип арылам десеңиз, албетте, атайын психолог адистерге барып, деструктивдүү программалардан арылыңыз. “Мага мындай люкстардын кереги жок” деп ичиңизден асман-айдан кетип чамына баштасаңыз, өзүңүз билиңиз. Ал да байлыкка карата сиздин тандооңуз.
Акчасыз калгандан коркпоңуз!
Ар бир адам үчүн бул өтө чоң сыноо. Азыр “акчаны буга коротуп салсам эмне болот?” деген ой ар бир адамда иштеп турат. Ошондуктан көп адамдар жумуштары жакпаса да иштеп жүрө беришет. Акча чындыгында көп, бирок аны иштөөнүн ыкмаларын өздөштүрүү керек болот. Ал үчүн аны кенен коротуп жана кенен тапкандай программаны ишке киргизүүңүз керек.
"Азия Ньюс" гезити