Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кудай таза жүрөктөрдөн түнөк табат

Кудай таза жүрөктөрдөн түнөк табат

06-октябрь, 20:22
1 273 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакшы ойлордон жүрөк тазарат.

(А.Межделов)


Жандүйнөнүн тазалыгы ойлордун тазалыгынан башталат.

(Никита Михайлюк)


Кичинекей булактын суусу гана таза болот.

(Юрий Зарожный)


Жандүйнөң таза болсо, тегеректин баары керемет сыңары көрүнөт.

(Лариса Рига)


Ичиң таза болсо жүзүң да бактылуу.

(Джулиана Вильсон)


Адамдын жандүйнөсү жаралганда таза, бейкүнөө болуп жаралат, кийин ал кантип өзгөрөрү адамдын өзүнө байланыштуу.

(Валентина Захарова)


Ар бирибиз бутубуздун астын эле тазалап койсок, бүт дүйнө тазарат.

(Иоганн Вольфган фон Гете)


Кээде жүрөктү да жууп коюп жүргүлө.

(Евгений Достман)


Сенин жандүйнөң канчалык таза сакталса, сүйүүң да ошончолук таза болот.

(Мердан Аманов)


Кээ бир адамдарда аппетит бар, абийир жок.

(Александр Грачев)


Чыныгы сулуулук жүрөктүн тазалыгында.

(Махатма Ганди)


Таза көз тазалыкты көрөт.

(Санаи)


Кыйын күндө да жүрөгү таза бойдон калган кишилер чындап бактылуу.

(Шарль де Костер) 


Биз тазалыктан улам кирдеп кеттик.

(Андрей Гарольдович Кнышев)


Биз алтындан эмес, ылайдан жаралганбыз. 

(Пьетер Буди)


Көчөлөрдүн тазалыгы үчүн күрөшкөндүн ордуна шыпырып коюш керек.

(Илья Ильф) 


Тазалыкты боштук менен чаташтырбаш керек.

(Даниил Иванович Хармс) 


Сабаты жок чымындар “Тазалыкты сактагыла” деген плакатты булгап салышты.

(Эмиль Кроткий)


Баардык нерсе адамдын колунда. Ошондуктан колду бат-бат жууп туруш керек.

(Станислав Ежи Лец)


Таза, жеңил нерселердин баары жогоруга көтөрүлүп, асманга айланат.

(Кытай накылы)


Кудай таза жүрөктөрдөн түнөк табат.

(Пифагор)


Сулуулукту жаратыш үчүн адамдын жандүйнөсү таза болушу керек.

(Михаил Иванович Глинка)


Жүрөгү таза кишиге коркунуч жок.

(Роджер Желязны)


Жандүйнөнүн сулуулугу момундуктан, сабырдуулуктан жана сооп иштерден жаралат.

(Архимандрит Иоанн (Крестянкин)


Күн таза суудан чагылышат, Кудай таза жүрөктөн көрүнөт.

(Николай Сербский)


Кийимиң кир болсо да өзүң таза бол.

(Рудаки)


Асан-үсөн дайыма эле көрүнө бербейт, бирок ал таза жана керемет.

(Этель Лилиан Войнич)


Баардык оорулардын дарысы – бул сабырдуулук менен тазалык.

(Лев Копелев)


Билесиңби, тазалыктын да эки түрү болот. Мисалы, Дик жуулган кастрюль сыяктуу таза. А сен экөөбүз булактай, шамалдай тазабыз.

(Френсис Скотт Фицджеральд)


Кетип баратып артыңа бир кылчай, абийириң таза бекен...

(Людмила Улицкая)


Көроокаттан өйдө болуш үчүн жандүйнөң таза, жеңил болушу керек.

(Джулиана Вильсон)


Тилин тыйган да тазалыктын бир белгиси.

(Петр Квятковский)


Таза адам үчүн баардык нерсе таза.

(Латын накылы)


Бетиңе упа, эндик сүйкөгөндүн ордуна жүрөгүңдү тазала.

(Далай Лама XIV)


Сынчы өзүнөн өзү булганат.

(Бхакти Судхир Госвами)


Менин ар бир күнүм таза ойлордон башталат.

(Петр Квятковский)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер