Жашоо бизге күн сайын көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт Максатты туура тандаңыз


Өзүңүзгө чыныгы, турмушта жетүүгө боло турган максаттарды гана коюуга аракет кылыңыз. Алар «качандыр бир убакта, мүмкүн болсо» деген эмес, кыска жана так көрүнгөн мөөнөттө ишке аша турган болсун. Максаттарыңыз анчалык укмуштай же асманга жеткендей болбосо да, сиз аны сөзсүз аткара аларыңызга ишенгендей болуңуз.
Негизгини көрө билиңиз
Эгер максатыңызды жана ага жетүүнүн жолдорун так билсеңиз, анча маанилүү эмес майда-чүйдө нерселер сиздин ага карай жылышыңызды жайлатпасын. Сизди алаксыткан же жолдон чыгарган керексиз же экинчи орундагы нерселерди кескин кыскартыңыз.
Туура тандоо кылыңыз
Жашоо күн сайын бизге көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Аларды кабыл алуу же өткөрүп жиберүү өзүбүзгө байланыштуу. Биз күн сайын бир нече ирет тандоо жасайбыз, аныгында маанилүүсү – ар бир тандообуз бизди максатыбызга жок дегенде бир миллиметрге жакындатуусу зарыл.
"Азия Ньюс" гезити











