Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеч жатсаңыз ден соолукка аябай зыяны тийет

Кеч жатсаңыз ден соолукка аябай зыяны тийет

02-июль, 22:37
905 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1. Акылдын ачка болуусу 

Адамдын мээси саат 21:00дөн 23:00гө чейин активдүү эс алат. Эгер сиз 23:00дөн кийин уктасаңыз, убакыт өткөндөн кийин акылыңыздын ачка болуусу башталат. Эгерде сиз 23:00дөн 1:00гө чейин уктабасаңыз, жашоо күчү жабыркап, нерв системасы бузула баштайт. Анын белгилери: алсыздык, шалдыроо, оордук, жанчылуу. Эгерде сиз түнкү 1ден 3кө чейин уктабасаңыз, анда албууттануу жана кыжырдануу пайда болот.

2. Соолуп бараткан сулуулук

Уйку ден соолук үчүн эле эмес, сулуулукту сактоо үчүн дагы эң сонун ыкма. Уйкуда жатканда гана клеткалар жана ткандар активдүү түрдө калыбына келет.

3. Өнөкөт чөгүү

Убакыттын өтүшү менен организмде ички чыңалуу өсөт. Адам уйку учурунда ошол чыңалуудан арылат. Эгерде сиз өз убактысы менен уктабасаңыз, чыңалуудан арылбай, маанайыңыз чөгүп, өнөкөт чөгүүгө кабыласыз.

4. Ашыкча салмактуулук

Америкалык окумуштуулар далилдегендей, өз убактысы менен эс ала албаган айымдар тез семиришет. Уйкунун аздыгы зат алмашуу процессин жабыркатат. Эгер сиз кечирээк уктап жаткан болсоңуз, ашыкча салмактуулук пайда болот.

5. Иммунитеттин начарлашы

Баары жөнөкөй: түндөсү организм өз калыбына келет, сергектикке тескери таасир берген кесепеттерди нейтралдаштырып, иммунитетти чыңдайт. Түн ичинде иммундук система бекемделип, күндүз организмге түшкөн патогендүү микроорганизмдерди өлтүрөт. Дайыма уйкуңуз канбай жүрүшү – сасык тумоо, суук тийүү менен ооруп калууңузга шарт түзөт.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер