Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адам баласы күткөн бакыт кайда?

Адам баласы күткөн бакыт кайда?

08-ноябрь, 17:44
2 452 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адам баласы ыйлап туулуп, дүйнөдөн өткөндө да ыйлап узатылат. Карап отурсаңыз, өмүрдүн башы да ыйлоо, соңу да ыйлоо экен. Ошондо бакыт кайда? Бакыт – ушул экөөнүн ортосундагы өмүр. Ата-энеңизге эркелеп өскөнүңүз, ишемби-жекшемби күндөрү жакындарыңыз менен чогулуп чер жазыша сырдашканыңыз, апаңыздын бир ооз жылуу сөзү, аялыңыздын же күйөөңүздүн сизди издегени, балаңыздын кээ кылыгына кейип, аны урушканыңыз, досуңузду таарынтып алып, кайра кечирим сурап каткырганыңыз, бир тууганыңызды аскерден тосуп алганыңыз...

Жакшы көргөн адамыңыздан алыстап кеткенде анын кадырын түшүнгөнүңүз, "кыш келе жатат, көмүр алыңыздар" деп үйгө акча салганыңыз, “таң намазы каза болуп калбасын” деп кечинде эрте жатууга аракет кылганыңыз, "үй-бүлөм, бала-чакам" деп ар кечте үйгө карай шашканыңыз, балаңызга сабак окутканыңыз...

Ушунун баары “бакыт” деген аялуу сөздүн ичине кирет экен! Сократ «бакыт деген эч кимдин колу жетпеген алыстагы зат эмес, бакыт – ар кимдин башындагы бар нерсе» деген тура. Ооба, көп адамдар бакытты сырттан издеп атабыз, бирок чын бакыт өз башыбызда турганын эстен чыгарып салабыз. Бир акындын ырындай, “Бакыт деген бирде шаттык, бирде муң”. Бактылуу болуңуздар! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер