Анализ тапшырасың, бирок күмөн саноо барбы?


-- Доктур, анализ тапшыргам. Баары нормада. Демек, ден соолугум жакшыбы?
-- Андай деп шашылбаңыз. Кан анализи көп нерсени жашыруусу мүмкүн.
32 жаштагы бейтап “дагы бир ирет текшерилип коёюн” деп келген. Жүзү жарык, өзү жакшы жүрөт. Анализдер референсте. Бирок… Гемоглобин былтыркыга салыштырмалуу түшүптүр. Ферритин эң төмөнкү чектин жанында. АЛТ жогорулаган (боор чарчап калгандай). Сыртынан баары жакшы көрүнөт. Ичинде болсо организм жардам сурап жаткан. Болгону, үн чыгара элек.
Жалпы кан анализи эмнени көрсөтөт?
-- гемоглобин – кычкылтек ташыйт. Азы – чарчоо;
-- лейкоциттер – сезгенүү же инфекция бар дегенди;
-- эритроцит, гематокрит – анемия же кандын коюулуусу;
-- СОЭ – жашыруун сезгенүүнүн белгиси болушу мүмкүн;
-- тромбоциттер – уюп калуу же кан агуу тобокелдиги.
Биохимия эмнени ачат?
-- АЛТ, АСТ, ГГТ – боордун абалы;
-- креатинин, мочевина – бөйрөктөрдүн иши;
-- глюкоза – кант деңгээлинин туруктуулугу;
-- холестерин, триглицериддер – жүрөк жана кан тамырлар үчүн кооптуу белги;
-- белок, альбумин – иммунитет жана жалпы абал;
-- ферритин, темир – жашыруун анемия бар экенин.
Качан тапшыруу керек?
-- тынымсыз чарчоо;
-- баш оорулары;
-- салмак маселелери;
-- жакын арада кош бойлуулук пландасаңыз;
-- вирустардан кийин (COVID, грипп ж.б.);
-- акыркы жолу качан текшерилгени эсиңизде жок болсо.
Көп кетирилген ката – “нормада” деген сөздү көрүп, өзүн жакшы деп эсептөө. Норма – ден соолук. Өзүңүздүн мурдагы анализдер менен салыштыруу жана турмуш-тиричилик контекстин эске алуу маанилүү.
Жыйынтык:
Жалпы жана биохимиялык анализ – күзгү сыяктуу. Бирок ага үстүртөн карасаңыз, организм кандайдыр бир ооруну баштап жатканын байкабай калышыңыз мүмкүн.
"Азия Ньюс" гезити











