Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Дүйнөдөгү эң жагымдуу сезимдердин тизмеги
Дүйнөдөгү эң жагымдуу сезимдердин тизмеги
26-октябрь, 15:04
693 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Сезим – биздин жашоонун маанилүү негиздеринин бири. Жыттар, даамдар, тийүүлөр жана текстуралар бизди күндө курчап турат. Жашоодогу негизги биле турган нерсе – рахат алууну үйрөнүү жана бакытты эң жөнөкөй нерселерден табуу.
· Узак күндөн кийин ыңгайсыз бут кийимди чечүү.
· Ымыркайдын жылмакай, жумшак бетинен өбүү.
· Узак күндөн кийин же уйкусуз түндөн кийин төшөккө кулоо.
· Жаңы китептин аңкыган жытын жыттоо.
· Күндүн таңкы нурларын денең менен сезүү.
· Таңкы кофенин биринчи ууртамы.
· Жайкы жамгыр алдында сейилдөө.
· Отко үшүгөн колдорду кактоо.
· Абдан сагынган адамыңды кучактоо.
· Сыртта жамгыр жаап жатканда жылуу төшөккө оронуу.
· Жаңы жуулган шейшепте уктоо.
· Таң атпай бир көзүңдү ачып, демалыш күн экенин түшүнүү.
"Азия Ньюс" гезити