Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кантип эртең менен кыйналбай оңой турса болот?

Кантип эртең менен кыйналбай оңой турса болот?

03-октябрь, 23:30
3 919 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар бир эле адамга эртең менен туруп, жумушка баруу кыйындыкка турат. Эч ким таттуу уйкусун бузгусу келбейт. Эртең мененки уйку баарынан таттуу болот эмеспи. Канткенде кыйналбай турса болот, эмне кылуу керек?

Жатаар алдында телефон карабоо шарт. Телевизордон жаңылык же эмоцияга таасир берчү видеолорду көрбөш керек. Ашыкча маалыматтар мээде иштетилип, уйкунун тынч болуусун бузат. Жакшы нерселерди ойлоп жатыш керек.

Мындан тышкары, уктаар алдында курсакты өтө тойгузбаңыз. Уктаарга 2 саат калганда эч нерсе жебеңиз. Жеп алсаңыз ашказан түнү менен иштеп, уйку тынч болбой калат. Ойготкучту алысыраак жерге коюу керек. Анткени эртең менен чырылдаганда аны туруп барып өчүргөндөн кийин уйкуңуз ачылып кетет.

Бөлмөнү уйкуга ыңгайлуу кылып алуу керек. Өтө ысык же суук болбошу шарт. Ашыкча жарык тийип, сырттагы дабыштар угулбагандай кылып алыңыз. Жаткан төшөктү да оңдоңуз, катуу же ашыкча жумшак болбошу керек. Жаздыктын ыңгайлуусун тандаңыз.

Бир режимге өтүү керек. Мисалы, күндө кечинде 11де жатып, эртең менен 7де турсаңыз, ал режимди бузбоо зарыл. Бара-бара организм ушул уйкуга көнүп, бир канча айдан кийин будильниги жок эле ойгоно баштайсыз. Өтө кеч жатпаш керек, адамга 8 саат уйку туура болот. Андан ашык же кем болсо ден соолукка зыяны тийет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер