Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анардын ден соолукка пайдалары

Анардын ден соолукка пайдалары

29-сентябрь, 20:38
2 707 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бетиңиздин териси жагымдуу болушу үчүн 1 чай кашыктан анар ширеси менен каймакмайды аралаштырып, 10-15 мүнөткө маска катары сүйкөсөңүз болот; 

Бетиңизди агартууну кааласаңыз, анда төмөнкү масканы жасаңыз. Алгач 2 аш кашык жаңы сыгылган анар ширесин 1 аш кашык каймакмай жана 0,5 аш кашык лимон ширеси менен аралаштырып, бетиңизге жабыңыз. Анан 15 мүнөттөн соң мээлүүн сууга жууйсуз.

Анар майлуу чачты калыбына келтирүүдө натыйжалуу каражат. Ал үчүн идишке бир даана чоң анардын ширесин сыгып, ага бир стакан таза аракты, анча чоң эмес бир лимондун ширесин, бир аш кашык сабиз ширесин жана бир аз балды кезеги менен кошосуз. Жакшылап аралаштырган соң бул массаны бөтөлкөгө куюп, капкагын бекем жаап, күн тийбеген жана муздак жерге 10 күн тыныктырасыз. Анан чачты жууганга 20 мүнөт калганда масканы коюп турасыз.

Беттин терисиндеги кара чекиттерди жана сепкилдерди жаңы сыгылган анар ширеси менен сүртүп отуруп азайтса болот. Бирок, бул ыкма териси кургак адамдарга тийешелүү эмес.

Анарды туура тандай билиңиз

Сапаттуу анардын кабыгы кургак, ал эми ичи ширелүү болот. Ал үчүн сырткы кабыгы жылмакай эмес, тескерисинче, бир аз бүдүрлүүсүн сатып алыңыз. Ал эми кабыгы жылмакай жана жагымдуу анар убагынан эрте үзүлгөн болуп саналат. 

Ден соолукта болуп, оорубаңыз!

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер