Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Өзгөрүү – коркунучтуу эмес. Бул керемет кубулуш!
Өзгөрүү – коркунучтуу эмес. Бул керемет кубулуш!
19-сентябрь, 18:02
3 393 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Канчалык ыңгайлуу отурсаң да, бир аздан кийин баары бир бутуң уюп калат. Отурган калыбыңды өзгөртөсүң. Өмүрдө да ошондой. Өзгөрүү – керемет кубулуш, антпесе буту-колуң уктап калмак. Же жаның таш болуп катып калаар беле?!
Ар дайым калыбыңды өзгөртүүгө дайын бол. Өзгөрүү деген – өмүрдүн өзү. Бул табигый кубулуш. Менимче, өмүрдө бир калыпта катып калуу – табигаттын кубулушуна каршылашуу сыяктанат. Балга түшкөн чымындай болуунун неси жакшы? Өмүрдө туруктуу эч нерсе жок. Болгону өткөндүн тажрыйбасына сүйөнүп өмүр сүрүү, келечекти болжоо эч мүмкүн эмес. Дал азыркы саат менен дем алып, өмүрдөн рахат ал. Эң башкысы, калыбыңды түрлөнт. Каалаган нерсеңи жасап көр. Эч нерседен коркпо.
"Азия Ньюс" гезити