Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кудайдын адамга берген 10 осуяты

Кудайдын адамга берген 10 осуяты

12-сентябрь, 19:49
4 454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адам ар дайым жашоодо ийгилик, кубаныч жана бакыт менен коштолушу үчүн, ал туура сунуштарды жетекчиликке алышы керек. Төмөндө жашоодо керек болчу бир нече маанилүү эрежелер.   Бул тууралуу anan.kg сайты жазып чыкты.

Биринчи эреже. Кудай адамды азап үчүн эмес, жашоодон ырахат алып, сүйүп, жаратуу үчүн жараткан. Жашоого азыраак арызданыңыз, сизден алда канча начар жашаган адамдар бар экендигин ар дайым эсиңизден чыгарбаңыз.

Экинчи эреже. Ар бир адам жер жүзүнө жөн жиберилген эмес – ал өзүнүн диний ишенимин көрсөтүп, айланадагы дүйнөнү кандайдыр бир жол менен өркүндөтүүгө салымын кошушу керек. Кудай адамга талант, күч жана жөндөм берген. Кудайдын белеги бизди курчап турган дүйнөнү өркүндөтүү үчүн, ошондой эле биздин жардамыбызга муктаж болгондорго жардам берүү үчүн колдонулушу керек.

Үчүнчү эреже. Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын жашоосун сүйүүгө толтурууга аракет кылыңыз – бул жагымдуу жагдайларды, каржылык жыргалчылыкты өзүнө тартат. Тескерисинче, агрессия жашоо сапатынын биротоло начарлашында байкалат.

Төртүнчү эреже. Жашоодо кокустан болгон эч нерсе жок – өз оюбуз, сөзүбүз, иш-аракеттерибиз менен биз азыркы чындыкты жана келечегибизди түзөбүз. Ошондуктан, жашоодо кыйналып жашайсызбы, же жыргалчылыкта жашайсызбы – толугу менен сизге байланыштуу.

Бешинчи эреже. Төртүнчү эреже бешинчисине түздөн-түз байланыштуу: ойлогон ойлор болгон окуяларды калыптандырат. Позитивдүү ойлонууга үйрөнүңүз, ошондо сизге жаккан чындыкты жаратасыз. Ал эми тескерисинче, ачуулануу, көралбастык, текебердик – артка кетүү менен ийгиликсиздикти гана өзүнө тартып турат.

Алтынчы эреже. Кандай гана кырдаал болбосун, ар дайым сабырдуу, позитивдүү маанайда болуңуз, күчүңүзгө жана Кудайдын жардамына ишениңиз.

Жетинчи эреже. Кудайдын үнүн угууга аракет кылыңыз – жөн гана жооп алгыңыз келген суроону берип, аң-сезимиңиздин үнүн угуңуз.

Сегизинчи эреже. Ар бир адам Кудайдын жардамы менен куткарыла алат. “Кудай сактады” деп бекеринен айтылбаса керек. Кудай ар бирибиздин жүрөгүбүздө. Аны өзүңүздөн таап, андан соң айланаңызга өзүңүз аркылуу көрсөтүңүз.

Тогузунчу эреже. Кылган нерселерибиз канчалык оор болбосун, Кудай ар бирибизди жакшы көрөт. “Издесең табасың, такылдатсаң ачылат” деген сөз бар. Ошентсе да эсиңизде болсун, Кудай ар дайым сизге керектүү нерсени берет, кандай улантып кетесиз – ал сиздин колуңузда.

Онунчу эреже. Негизги Кудай мыйзамдарынын бири – окшоштук мыйзамы”. Эгерде сиз өзүңүздү сүйбөсөңүз, анда айланадагылар да сизди сүйбөйт. Кандай өлчөсөңөр, силерге да ошондой өлчөнөт. Сиз башкалар менен мамиле түзгөнүңүздөй, башкалар да сиз менен байланышат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер