Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айланадагы адамдар сизди сыйлабай жатышканынын 10 белгиси

Айланадагы адамдар сизди сыйлабай жатышканынын 10 белгиси

08-сентябрь, 19:16
4 428 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтоо, сыйлоо – бул көп тараптуу түшүнүк. Ал адамды башкалар канчалык кабыл алышарын, анын кайсы бир иши үчүн канчалык урматташарын, же болбосо сезимдери менен канчалык эсептешерин  көрсөтүп турган нерсе. 

1) Сиздин сөзүңүздү дайыма бөлүп турушса – бул начар белги. Демек, чөйрөңүздөгү мындай адам бул аракети менен сизди сыйлабасын көрсөтүп турат.

2) Сиздин убактыңызды баалашпайт. Жолугушууга кеч келишет, жолугушуп жатканда башка маселелерин чече башташат. Күттүрүп коюп келбейт же болбосо сизге эскертпей туруп кар көчкүдөй үйүңүзгө каптап кирип, конок болуп жатып алышат.

3) Сиздин жеке буюмдарыңызды сурабай туруп колдонушат. Анысы аз келгенсип алып кетишет.

4) Бой көтөргөн мамиле кылат жана кемсинткен сөздөрдү көп сүйлөйт.

5) Чечимди сиздин пикириңизди эске албай туруп бир тараптуу эле чыгара беришет.

6) Кайсы бир сиздин тийешеңиз бар иштер, чечимдер тууралуу сиз акыркы учурда гана билесиз.  

7) Адам сиздин көзүңүзчө тышкы келбетин карап да койбойт. Мисалы, ишкер жолугушууларга шортикчен келсе, же үйүнө барсаңыз пижамачан отурса – бул дагы сизди сыйлабагандыктын белгиси. 

8) Сизге ырахмат айтпайт, кайсы бир жасап берген ишиңиз үчүн сизге ыраазычылык айтышпайт, сиз милдеттүүдөн бетер кабыл алышат.  

9) Үнүн жөнү жок жерден катуу чыгарып сүйлөйт, жаман маанайын сизден чыгарып алгысы келип кыйкырышы мүмкүн. Бул адамдын сиздин сыйлабашынын эң башкы белгиси.  

10) Убадасына турушпаса, бул үчүн кечирим дагы сурашпаса, анда сиздин ал адамга кадырыңыз жок. 

11) Жолугушуу маалында сиздин ачка-ток экениңизди сурабай, тамакка чакырбай, алдындагы тамакты чалчалактап жейт. Сагыз чайнайт. Телефонун катуу чыгарып алып сүйлөшөт, сиз жанында экениңизди элес да албайт.

12) Сөздөрүңдү четке кагат. Кайсы бир суроолоруңуз четте калат же укпайт.

Эгерде ушундай адамдар айланаңызда болсо, “алар менен эмнеге мамиле түзүп жатам?” деп ойлоңуз.

Ар бир адам сыйга, аны түшүнүүгө татыктуу, өзүңдү инсандык жактан өнүктүрүп, башкаларды сыйлап жана сиз дагы башкалардын сыйына татыгандай жашоого аракет кылыңыз!

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер