Баардык аракеттерди кылсаң да, колтугуңдун жыты кетпей жатабы?


Эртең менен жуундуң, таза кийим кийдиң, дезодорант колдондуң, бирок кечинде кайра эле ошол жыт... Мындай абал көпчүлүккө тааныш жана бул тазалык тууралуу эмес. Cенин денең берген белги.
Жыт терден эмес. Жыт бактериялардан чыгат. Колтукта атайын бездер бар, алар стресс болгондо, ысыкта же жөн гана активдүү жашоодо иштейт. Бул бездер бөлүп чыгарган суюктук өзү жытсыз, бирок териде жашаган бактериялар аны “жеп” баштаганда, ошол тааныш жыт пайда болот.
Жытты күчөтүшү мүмкүн:
-- тынчсыздануу, стресс;
-- пияз, сарымсак, татымалдар, алкоголь;
-- синтетикалык кийим;
-- таң эрте жана кечинде жуунбоо;
-- гормоналдык өзгөрүүлөр.
Эмне жардам берет? Өзүм байкаганым:
-- колтукту эртең менен жана кечинде жууп туруу. Мага бул кадимкидей жардам берди, жыт дээрлик жоголду;
-- антиперспирант колдонуу. Ал тердин бөлүнүшүн азайтат;
-- колтукту кырып туруу. Жүндү алып салганда бактерияларга жабыша турган жер азыраак болот;
-- пахтадан тигилген кийим кийүү. Денең дем алат, жыт азыраак чыгат;
-- азык-түлүккө көңүл буруу. Бир жумага пияз, сарымсак жана татымалдарды токтотуп көр, таасирин байкайсың.
Качан дарыгерге кайрылуу керек?
Эгер жыт капысынан өтө жагымсыз, чирикке окшош же ацетон сымал болуп калса, бул зат алмашуунун бузулушу, кант диабети же боор менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бул сейрек болот. Бирок байкасаң, жөн гана текшерилип койгон жакшы. Жыт – уят эмес. Ал кам көрүүгө себеп...
Эрмек Исмаилов
"Азия Ньюс" гезити











