Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялдар эркектерге караганда эмнеге узак өмүр сүрүшөт?

Аялдар эркектерге караганда эмнеге узак өмүр сүрүшөт?

01-февраль, 14:55
1 073 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Статистика боюнча аялдар эркектерден көп жашашат. Бул биздин өлкөбүздө да байкалат. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө аялдардын орточо жаш курагы эркектердикинен жогору. Кыргызстанда да статистика боюнча эркектердин орточо жашы – 67, аялдардын орточо жашы болжол менен – 72 жаш.

Жакында Калифорния университетинин окумуштуулары орточо жаш куракка байланыштуу суроого жооп издеп көрүштү. Изилдеп олтуруп, аялдардын узак жашоосунун себеби эстроген гормонуна байланыштуу (!) деген жыйынтыкка келген. Аялдардагы бул гормон клеткалардын картаюсун жайлатат. Ошондой эле, хромосомадагы генетикалык маалымат боюнча аялдардын дене клеткалары эркектердикине караганда жай картаят.

“Эстроген адам организмин бир калыпта сакталуусуна, ферменттердин активдүү иштешине көп жардамын тийгизет. Бул гормондун организмде көбүрөөк бөлүнүшү жүрөк-кан тамырлар ооруларына чалдыктырбайт. Андан башка сөөктүн нормалдуу өсүшүнө да зор жардамы бар”, - дешет изилдөөчү окумуштуулар.

Калифорния университетинин адистери эркектердин аялдардан аз жашоосунун дагы бир фактору катары тамеки менен алкоголдук ичимдиктерди атаган.


Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер